Шашылыш кабар:

Криштиану Роналду 5-ирет «Алтын топту» жеңип алды

Декабрь 8th, 2017 | by Түмөнбай Абдинаби уулу
Криштиану Роналду 5-ирет «Алтын топту» жеңип алды
Спорт
0

“Реал Мадрид” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду “Алтын топту” бешинчи ирет жеңип алды. Мындай маалыматты аталган сыйлыкты ыйгарган France Football журналы жарыялады.

Жылдын мыкты футболчусу наамына ээ болуу үчүн 30 оюнчу ат салышкан. Португалиялык оюнчу мүчөлүк кылган “Реал Мадрид” Испания чемпиондугунун акыркы сезонунда чемпион, Чемпиондор Лигасында жеңүүчү, Испания жана УЕФАнын Суперкубогунун ээси болуп табылган. Роналду Чемпиондор Лигасында 13 оюндун ичинен 12 гол киргизип, мыкты аталган. Ошондой эле эл аралык футбол федерациясы чыгарган жыйынтыкта УЕФАнын “мыкты футболчу” наамына да татыган.

Ушуну менен Криштиану Роналду “Алтын топко” 5-жолу ээлик кылды. Буга чейин ал 2008, 2013, 2014, 2016-жылдары бул сыйлыкты жеңген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache