Шашылыш кабар:

КСДП партиясынын курултайы өтөт

Декабрь 8th, 2017 | by Бакыт Төрөгелди уулу
КСДП партиясынын курултайы өтөт
Гезит бетинде
0

Бүгүн, 8-декабрда «Кыргыз Туусу», «Ачык саясат» жана «Фабула» гезиттери жарык көрдү. Мезгилдүү басылмалар президент Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшүү боюнча берген тапшырмасы, жарытаарлык билим бербеген жогорку окуу жайлардын маселесин жана жакын арада өтө турчу КСДП партиясынын курултай тууралуу жазышты.

«Кыргыз Туусу» бүгүн «Манас-улуттун уңгусу, руханий көрөңгөсү» деген, «Алтын тагынган азаматтар» деген АКШда ийгилик жараткан Кыргызстандын жаш хоккейчилери, «Токой кыйгандарга катаал чара көрүлөт» деген мындан башка дагы макалаларды басып чыгарды.

Гезиттин биринчи бетине президент Сооронбай Жээнбеков күч түзүмдөрүнүн башчыларына коррупция менен күрөшүүнү тапшырганын жазды. Анда айтылгандай, Жээнбеков 4-декабрда өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшенбиевди кабыл алып, Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүндөгү коррупция менен күрөштү улантууну тапшырган.

Президент ушул эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевге мамлекеттик органдардагы коррупция менен аеосуз күрөш УКМКнын ишинин артыкчылыктуу багыты болушу керектигин айткан. 5-декабрь күнү Сооронбай Жээнбеков Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны, ушул эле күнү Ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алып аларга да жемкорлук менен күрөшүү керектигин билдирген.

«Ачык саясат» басылмасы бул жолку чыгарылышында Муххаметкалый Абулгазиев президенттик аппаратты жетектеши мүмкүн экенин, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин Түндүк-түштүк алтернативалык жолуна экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ысымын берүү демилгесин жана Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча Камчыбек Ташиевдин пикирин жазды.

Гезит андан ары Кыргызстандагы жогорку окуу жайлары жана анда билим алып жаткан студенттердин билим деңгээлине байланыштуу макаланы жарыялады. Автор Билим берүү жана илим министрлиги, Улуттук статистика комитетине шилтеме берип өлкөдө 230 миңден ашык студент бар экенин жазат. Кыргызстанда 52 жогорку окуу жайы бар болсо, анын 31и мамлекеттик, 21и менчик болуп саналат. Студенттердин 90 пайызы мамлекеттик университеттерде билим алса, 130 миңге жакыны Бишкекте окуйт. Бирок Кыргызстандагы билим берүү системасын сынга алган макаланын автору өлкө «Дипломдуу бекерчилерди» даярдап жатканын жазган.

«Фабула» бүгүн «Эки ээрге минген Шадиев» деген депутаттык мандатын сактап калуу менен биринчи вице-премьер-министр болгон Аскарбек Шадиев, «Ишке чыкпаган Иминовду мандатынан ажыратыш керек» деген, «Орусия 76 тонна азык-түлүктү кайра кайтарды» деген мындан башка дагы макала-маектерди чыгарды

Гезиттин биринчи бетине кийинки жумада КСДП партиясынын курултайы өтөөрү жарыяланды. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев расмий түрдө партиянын төрагасы болуп шайланганы жаткан экен. Ошондой эле партиянын саясий кеңеши алмашып, тазалоо болоорун автор жазууда. Атамбаевдин буга чейин кийинки парламенттик шайлоого Социал-демократтар партиясын өзү даярдап, тизмени дагы өзү түзөөрүн айтканын эске салып, «ушундан улам парламенттеги бир топ депутаттар Атамбаевге кошомат кылып жатат», — дейт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache