Шашылыш кабар:

Иерусалим маселесине дүйнөлүк коомчулуктун реакциясы кандай болду?

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
477

АКШнын президенти Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору катары жарыялаганы дүйнөлүк коомчулукта талкууга түштү. АКШ бул кадамы менен көп жылдардан бери чечилбей келген Палестина менен Израилдин тирешине чекит коюуну көздөйт. Бирок буга көпчүлүк мамлекеттер макул эмес.

Иерусалим маселеси 70 жылдан бери чечилбей келет

Иерусалим шаары  Израиль менен Палестинанын ортосундагы «талаш шаар». Тагыраак айтканда, 1947-жылы БУУ Иерусалимдин статусун «эл аралык шаар» деп аныктаган. Буга Палестина да, Израил да макул эмес. Анткени Палестина аталган шаарды өзүнүн тарыхий бөлүгү деп эсептесе, Израиль аны 1949-жылдан бери өзүнүн расмий борбору деп билет. Бирок Израилдин бул аракети эч кайсы өлкө тарабынан таанылган эмес. Ошондуктан бардык өлкөлөрдүн Изралидеги элчиликтери Тель-Авивде жайгашкан. Араб-израил конфликтинин негизги өзөгүн да так ушул Иерусалим маселеси түзөт.

АКШ Иерусалимди Израилдики деп билет

Иерусалим Израилдин борбору катары АКШ тарабынан 1995-жылы расмий таанылган. Бирок өлкөнүн президенттери АКШнын Израилдеги элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө вето коюп келген. Бирок учурдагы президент Трамп жакында эле элчиликти Иерусалимге көчүрүү керектигин билдирди. Ал буга чейинки президенттер батынбаган кадамга барганын, маселе так ушул жол менен гана чечилет деп түшүндүрдү. Трамптын пикиринде, буга чейин көп өлкөлөр Иерусалим маселесин чечүү керек деген менен алгылыктуу кадамга барышкан эмес. «Иерусалимди бир тарапка чечпесе, Палестина-Израиль ортосунда тынчтык эч качан орнобойт»-деп кошумчалаган.

Израиль лидери Трампка ыраазычылык билдирди

Израиль өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху Трампка мындай тарыхий чечими үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бул жакшылыгы үчүн израил калкы өмүр бою ыраазы болорун да кошумчалаган. Андан сырткары башка өлкөлөр да Тель-Авивдеги элчилигин Иерусалимге көчүрүп өтсө жакшы болот деген пикирин айткан.

Палестина лидери АКШнын чечимине макул эмес

Палестинанын толук тааныла элек лидери Махмуд Аббас, Трамптын билдирүүсү араб-израил конфликтинин отун тутанткандан башкага жарабайт,-деп билдирди. Анын пикиринде Иерусалим Палестинанын тарыхий жери жана келечектеги борбору. Аббастын айтымында, Палестинадагы «ХАМАС» тобу АКШнын бул аракетине каршы мусулмандарды 8-декабрда демонстрацияга чыгууга үндөгөн.

Араб өлкөлөрү катуу сындады

Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн лидерлери Трамптын бул чечимин орунсуз деп сыпаттады. Иран президенти Хасан Роухани да АКШнын бул аракетин сындап өттү. Ал эми Түркия лидери Эрдоган болсо, Иерусалим «мусулмандар үчүн кызыл сызык» экенин эскертип, эгер Израиль бул аракетин токтотпосо, дипломатиялык алакаларды үзөрүн айтты. Египет, Иордания да так ушул позицияда.

Европа Иерусалимдин Израилге өтүүсүнө каршы

Франция президенти Макрон Трамптын чечими туура эмес экенин жана Франция муну колдобой турганын маалымдады. Ошол эле убакта Еврокомиссия менен Евробиримдик талаштуу маселеге бир тараптуу чекит коюу жаңылыштык экенин эскерткен.

 Иерусалим маселесине Орусиянын реакциясы

Москва АКШ президенти Доналд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныганын катуу сындады. «Бул жол менен Жакынкы Чыгыштагы абалды курчутту»-деген пикирде. Ошондой эле бул маселе боюнча Түркия президенти Эрдоган менен Орусия президенти Путин телефон аркылуу сүйлөшө тургандыгы айтылды.

Эске сала кетсек, 8-декабрда БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Иерусалимдин маселеси каралат. Буга чейин БУУ баш катчысы Антониу Гутерреш да АКШнын кадамын сындаган эле.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *