Шашылыш кабар:

Коалициялык көпчүлүк ыдырайбы?

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
180

Анткен менен коалициядагы депутаттар айтылып жаткан сөздөрдү четке кагышууда. Ошол эле учурда саясат талдоочулар бийликчил Социал-демократтар фракциясы коалициялык көпчүлүктү чыңдап, оппозициялык азчылыктагы фракцияларды коалицияга киргизүү аракетин көрөт деп жатышат.

Коалициянын таркашы боюнча депутаттар эмне дейт?

Айрым Массалык маалымат каражаттары парламенттеги өздүк булактарына таянып, жакын арада коалициялык көпчүлүк чачырай турганын жазып чыгышты. Анда айтылгандай коалициянын таркашы менен Жогорку Кеңеште бир топ кадрдык өзгөрүүлөр болот.

Маселен спикер кызматтан кетип анын ордуна КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бараары айтылууда. Ал эми Социал –демократтар фракциясын Кожобек Рыспаев жетектесе, Рыспаев төрагалык кылган Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетин дагы бир КСДПчы депутат Азамат Арапбаев башкараары божомолдонгон. Бирок, Арапбаев бул маалыматтарды төгүнгө чыгарууда.

— Бул жөнүндө бир да маалымат айта албайм.  Бул тууралуу эч кандай сөз дагы жок. Талкууга дагы алына элек.

Иса Өмүркулов жана Кожобек Рыспаевдин өзүлөрү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал арада оппозициялык «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова 6-декабрда өз каалоосу менен төраганын орун басарлыгынан кетти. Эми бул кызматка «Ата Мекен» фракциясы Сайдулла Нышановду, «Республика-Ата Журт» Курманкул Зулушевди, «Өнүгүү-Прогресс» Мирлан Бакировду сунуштап жатат.

Ал эми коалициялык көпчүлүктүн чачырашы боюнча маалыматтын чоо-жайын билүү үчүн биз коалициядагы КСДП фракциясынын мүчөсү Улан Примов менен байланыштык. Ал дагы коалициянын айланасындагы сөздөрдү жокко чыгарды.

— Мен деле сиздердей эле ММКлардан угуп жатам. Өзгөрүүлөр болоору тууралуу биз так-даана билбейт экенбиз. Алтынай Сейитбекова ыйгарым укуктарын токтотту. Бул факт. Кадрдык өзгөртүүлөр боюнча көпчүлүк коалицияда сүйлөшүүлөр, консультациялар боло элек. Болсо биз билмекпиз.

Учурда коалициялык көпчүлүктө Социал-демократтар, «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары бар. Үч фракциянын депутаттарынын жалпы саны 68ди түзөт.

«Кыргызстан» фракциясынан депутат Алмазбек Токторовду дагы кепке тартканыбызда, ал да коалициянын чачырай турганы боюнча маалымат жок экенин айтты.

— Бул тууралуу маалымат жок. Сөз дагы болгон жок. Бирөөлөр өзүлөрү эле чыгарып койсо керек. Сүйлөшүүлөр болбогонун мен жоопкерчиликтүү айта алам. 

«Оппозициядагы ишибизди улантабыз»

Конституциянын 1-декабрда күчүнө кирген беренелерине ылайык коалициядагы фракциялардын чыгуу жол-жобосу өзгөргөн. Ишке кирген 70-беренеге ылайык парламенттеги коалициялык көпчүлүктөн чыгуу жөнүндө чечим анын курамындагы фракциянын депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен кабыл алынат. Фракциянын чечими фракциянын токтому менен таризделет жана чыгуу үчүн добуш берген фракциянын ар бир мүчөсү ага кол коёт.

Эгер парламенттик коалиция таркаса ага оппозициялык «Республика-Ата Журт» фракциясы кириши мүмкүн деген маалыматтар тарады. Аталган фракциянын мүчөсү Таабалды Тиллаев фракция оппозициялык ишин улантат деп ишендирди.

— Бул маселе фракцияда, депутаттар арасында дагы каралган жок. Бул маселе коюлган дагы эмес. Биз баягы эле өзүбүздүн оппозициялык ишибизди уланта беребиз.

Баш мыйзамдын декабрдын биринен тарта иштеп баштаган 75-беренеси боюнча коалициянын парламенттик көпчүлүк статусун жоготуусу Жогорку Кеңештин төрагасынын отставкасына алып келет. Демек коалиция таркаса, төрага дагы кызматтан кол жууйт.

Саясат талдоочу Алмаз Акматалиев болсо Социал-демократтар фракциясы коалицияны кеңейтигүү аракет кылат деп жатат.

— Азыр коалициялык көпчүлүк аябай туруксуз. Себеби үч эле фракция бар. Мисалы азыр «Бир Бол» эле коалициядан чыгып кетсе, анда коалиция тарап кетет дагы ал өкмөттүн алмашуусуна алып барат. Ошондуктан бийликтин партиясы болгон КСДП абдан туура кадам жасаганы турат окшойт. Себеби коалицияга дагы бир фракцияны киргизип, чыңдаш керек.

КСДП, «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракцияларынан турган коалициялык көпчүлүк былтыр ноябрь айында түзүлгөн. Коалицияны Социал-демократтардын лидери Иса Өмүркулов жетектейт.

Сүрөт: Коалициядагы үч фракциянын лидерлери

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *