Шашылыш кабар:

Азамат Аттокуров: Өкмөт ишин ачык алып барууда

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
133

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 7-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өкмөттүн 100 күндүк ишине байланыштуу журналисттер менен жолукту.

Биз өкмөттүн 100 күн ичинде аткарган иштери, кемчиликтер менен жетишкендиктери тууралуу экономикалык жааттагы эксперт Азамат Аттокуров менен «Күн чекитте» маектештик.

Марал: Буга чейинки башка өкмөттөргө салыштырмалуу Сапар Исаков баштаган министрлер кабинетине ачуу сындар айтыла элек. Президент, парламент дагы колдоп, жакшы эле шарт түзүлүп жатат. Бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, Исаков баштаган өкмөт ишке киришкен 100 күн ичинде өзүн кандай көрсөтө алды?

Азамат Аттокуров: Эң башкысы мурдагы премьер-министрлерге салыштырмалуу ишин түз жана ачык алып барып жатат. ММКлар аркылуу тез-тез чыгып сүйлөп, ар кандай орчундуу маселелерге бат көңүл бурганы жаранадарга жагууда. Мисалы бүгүн эле интернеттеги блогерлер жолугалы деп (Сапар Исаков менен) жазды эле аларды чакырыптыр. Бул Сапар Исаковдун жаңыча иштегенин көрсөтүп жатат.

Марал: Бул өкмөт Кыргызстанда ГЭС курууга камынып бирок ишке ашпай калган Чехиялык «Liglass Trading» компаниясы, аларманы табылбай жаткан «Мегаком» компаниясына жарыяланган сынак жана Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча коомчулуктун катуу сынына кабылды. Айрым депутаттар өкмөт ушул иштердин негизинде эбак эле отставкага кетиш керек болчу деп чыгышты эле бул канчалык негиздүү?

Азамат Аттокуров: Булардын эч кандай негизи жок. Себеби «Liglass Trading», «Мегаком» боюнча келишимдин баары Сапар Исаковдун келишине чейин эле талкууланган. Исаковдун учурунда кол гана коюлган. Өзүңөр билгендей «Liglass» менен болгон келишим дагы жокко чыгарылган.

Марал: Эми өкмөттүн программасына келсек. Аткаруу бийлиги «Жаңы доорго-кырк кадам» деген долбоорун сунуштап, анын негизинде бир нече жылдан бери ишке ашпай келе жаткан «Коопсуз шаар» долбоорун «Акылдуу шаар» проекттиси менен аягына чыгарууну убадалап жатат. Ошондой эле электрондук өкмөт болот деген максаттары тууралуу айтышууда. Бул иштерди аткарууга өкмөттүн дарамети жетеби?

Азамат Аттокуров: Муну айтыш кыйын. Анткени электрондук өлкө, электрондук өкмөт деген орчундуу иштер. Алар бир гана электрондук жабдыктар менен чечилип калбайт. Биз өкмөттөгү ишти толугу менен жөнгө салгандан кийин гана электрондук форматка өткөрүш керек. «Жаңы доорго-кырк кадам» программасына 16 көз карандысыз эксперт чакыртылган. Алар мамлекеттик кызматкерлер менен биргеликте кырк кадамга өзүнчө иш чаралар планын түзүп, өкмөткө жылдын аягында сунуштайт. Андан соң өкмөт аны жалпы коомчулукка жана парламентке жарыялайт.

Марал: Өкмөт жакында эле бир нече мамлекеттик кызматтарды көрсөтө турган электрондук порталды ишке киргизгенин айта кетпесек болбос. Бул жааттан алганда «Таза коом», «Жаңы доорго-кырк кадам» долбоорлорунун келечеги бар жана ал аягына чыгат деп үмүт артсак болобу?

Азамат Аттокуров: Башка стратегияларга караганда үмүт артсак болот. Себеби «Жаңы доорго-кырк кадам» өкмөттүн өзүнүн программасы жана буга өкмөт өзү жооп берет. Буга чейинки долбоорлордун башчысы ким, аны ким жазган, ким жоопкер деген суроолорго жооп ала албай калчубуз. Анткени баштаган президент, жооп берген өкмөт болуп калчу. А бул долбоорду болсо башатаган дагы өкмөт, жооп берчү дагы өкмөт болот.

Сүрөт: Экономикалык эксперт Азамат Аттокуров

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *