Шашылыш кабар:

Кыргызстанда сууну күндүн энергиясына жылыткандар көбөйдү

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
686

Кыргызстанда  үй-тиричилигине күндүн энергиясын колдонгондордун саны өсүп баратат.  Бүгүнкү күнү бир гана Бишкек шаары эмес, аймактар дагы тартылууда. Алардын басымдуу бөлүгү сууну  жылытуу системаларын колдонууда. 

Күндүн энергиясын пайдаланып, чыгашаны кыскартса болот. Буга чейин эл арасында сөз менен айтылып келген болсо, бүгүн ал активдүү түрдө ишке ашып жатат. Бир гана үй-тиричиликке эмес, ишканалар колдонууга өттү.  Көпчүлүгү сууну жылытуу системаларына коюлган. Бул жаатта энергия жана суу ресурстарын үнөмдөөгө багытталган  программа Кыргызстанда 2013-жылы  башталган. Алгач үйлөрдү жылытуу  системасы ишке ашырылып келген болсо, учурда  күндүн жана шамалдын энергиясын пайдалануу менен үйдү жылытууда. Бул тууралуу «Кирсефф» программасынын улуттук менеджери Нурзат Абдырасулова  «Марал» радиосуна айтты.

Азыркы учурда күндүн нурунан сууну жылытуу системасына көп кайрылып жатышат. Андан тышкары, үйдү жылытууга да талап болууда. Мунун ичинде көп кабатуу үйлөрдү жылытуу дагы көбөйдү. Бул Кыргызстанда көнүмүш болуп, системаны орноткондор өстү.

Дүйнөнүн алдынкы мамлекеттери табияттын энергиясынын альтернативдүү жолдорун колдонуу менен энергия өндүрүү жолун эбак  эле өздөштүрүлгөн. Себеби, адистердин эсептөөлөрүндө күндөн же шамалдан алынган энергиясын баасы өтө арзан түшкөн.  Ошондуктан учурда энергетиканын өтө жогорку деңгээлде өнүгүп келе жаткан тармагына айланды. Муну жеке ишкер Жолочу Конушбаев үйүнө эмес, мончосунан баштады. Кышында мончого керектелчү суунун 30, жайкысын 70 пайызын толук жылытып бере алат. Ал үчүн күндүн температурасы Кыргызстанда жетиштүү деңгээлде тиет.

Бизде муктаждык болгон үчүн жылуу суу тынбай колдонулат. Ага кетчү сууну биз күндүн нурунан алабыз. Ага чейин газ, электр энергиясын толук колдонуп келдик. Бирок акыркы үч жылда ушул системага өттүк. Учурда мончого керектелчү ысык суунун 30-70 пайызга чейин күндүн энергиясынан алынып жатат.

Илимий жасалган эсептөөлөрдү карасак, бүгүнкү күнү Кыргызстанда шамал энергиясын пайдалануу көп натыйжалуу эмес. Анткени Кыргызстан тоолуу аймакта жайгашкан. Бирок күндүн нурунан өндүрүлгөн энергия менен эң арзан сатылган электр кубатынын баасынан дагы 30-60 пайызга арзан болоорун техника илимдеринин доктору, профессор Алайбек Обозов айтып берди. Бул жагынан жергиликтүү эл толук альтернативдүү  энергияны колдонууга өтүп, электр энергиясын коңшу өлкөгө сатуу менен пайда тапса болоорун айтып берди.

Күндүн энергиясын пайдаланса, Кыргызстанга көп натыйжалуу болмок. Ушул энергиянын эсебинен жергиликтүү эл пайдаланып, электр энергиясын башка мамлекеттерге сатса болот. Бул бюджетке түшкөн каражаттын көлөмүн көбөйтүп, элдин чөнтөгүн үнөмдөөгө жардам берет.

Кошумчалай кетсек, «Кирсефф» программасы 2013-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Бул аралыкта өлкө боюнча 1000 ден ашуун турак жай жана 80 жеке ишкана жылуулатылган. Турак жай ээлерине, жеке үй-чарбаларына электр энергияларынын сарамжалдуугун камсыздоо үчүн инвестициялар каралган. Алар дубалды жылуулоодон тартып, жаан суусун топтоо жана күн нурун колдонууда үй-бүлөнүн каражатын үнөмдөөчү инновациялык чечимдерди камтыйт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *