Шашылыш кабар:

К. Мамбеталиев: Кыргызстан үчүн Путиндин кайра шайланганы жакшы

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
147

Орусиянын президенти Владимир Путин төртүнчү ирет президенттик шайлоого катышарын жарыялады. Учурда бул жаңылыкты дүйнөлүк басылмалар кызуу талкуулап жаткан кези. 17 жылдан бери бийликте келе жаткан Владимир Путинди бул жолу Орусия эли колдойбу? Эгер ал кайрадан шайланса Кыргызстанга таасири кандай болот? Жалпы эле Евразия чөлкөмүнүн геосаясаты мындан ары кандай уланат?

21-кылымдын башында бийликке келген Орусия президенти Владимир Путин, төртүнчү мөөнөткө талапкерлигин койду. Ал көпчүлүктү кызыктырган билдирүүсүн Нижний Новгород шаарында, “Газ” автомобилин чыгарган заводдун 85 жылдыгында жарыялады.

“Муну жарыялоого мындан башка жер жана мындай мүмкүнчүлүк жок деп билем. Мен Орусия Федерациясынын президенттиги үчүн талапкерлигимди коем».

Путиндин бул билдирүүсүнөн кийин Орусияда рублдин куну дароо көтөрүлдү. Дүйнөлүк басылмалар да Путиндин бул билдирүүсүн талкууга алып, эксперттер өз баасын берүүдө. Ал эми Орусиядагы президенттик шайлоого карата үгүт иштери 17-декабрда старт алганы турат. Мындан улам Путин бул ирет шайлоочуларга эмнени убадалайт жана анын учурдагы рейтинги кандай деген суроо жаралат. Орусиялык саясат талдоочу Станислав Белковскийдин пикиринде, Владимир Путиндин шайлоо кампаниясы “ сырткы душман” темасына көбүрөөк токтолору турган иш.

“Ал адаттагыдай эле Батыштын саясатына каршы туруу жана  Орусияны “сырткы душмандар” тарабынан жок болуп кетүүсүнүн алдын алуу темасына токтолот”.

КМШ жана Борбор Азиядагы айрым эксперттер Путиндин бул шайлоодо жеңип же жеңилери аталган чөлкөмдүн геосаясатына чоң таасирин берет деген пикирде. Белгилүү болгондой, Орусия Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири. Мындан улам Орусиядагы президенттик шайлоонун Кыргызстанга таасири кандай болот?,-деген суроо менен Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Кубан Мамбеталиевге кайрылдык.

“Путин 21-кылымдагы күчтүү саясатчы, реформатор. Анын дүйнөлүк деңгээлдеги рейтинги да жогору. Путиндин кайра шайланышы, Кыргызстан үчүн ыңгайлуу болот”.

Путиндин президенттик шайлоого төртүнчү ирет аттанганын, Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаков позитивдүү баалады. Бирок, Исаков  бул пикирди Кыргызстандын өкмөт башчысы деңгээлинде эмес, жөнөкөй жаран катары айтып жатканын кошумчалаган.

“Владимир Владимирович президент катары, жеке адам катары Орусияны өнүктүрүүгө салымы чоң. Анын евразиялык интеграцияга кошкон салымы менен Кыргызстан да өнүгүп жатат. Мындан улам мен муну позитивдүү баалайм. Орусиянын Кыргызстан үчүн жалпы аймак үчүн таасири өтө чоң. Муну ачык эле айтуу керек”.

Учурда Орусияда Путинге атаандаш катары эркек саясатчылардан Комуннистик партиядан Геннадий Зюганов, Либерал-демократтардан Владимир Жириновский, оппозиционер Алексей Навальныйды атоого болот. Ал эми айымдардан Путиндин саясаттагы устаты маркум Анатолий Собчактын кызы Ксения Собчак да Путиндин атаандашы. Бирок азырынча алардын рейтинги өтө олуттуу жыйынтыктарды көргөзө элек дешет эксперттер. Ал эми Путиндин рейтинги азыркы тапта 44-48%ды көргөзүүдө. Мындан улам Путин азырынча Орусияда фаворит талапкер бойдон калууда.

Буга чейин The Washington Post гезити Владимир Путин бийликте көп отурганы боюнча Сталиндин рекордуна жеткени калганын жазган.  Тагыраак айтканда, Путиндин  Орусияны башкарганына 6 700 күндөн ашты. Путин бийликте тургандан бери АКШда 4 президент, Британияда 4 премьер-министр алмашып, Германияда 2 канцлер шайланды. Ал учурда 65 жашта. Эгер кезектеги шайлоодо жеңип чыкса анда ал 72 жашка чейин бийликте калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *