Шашылыш кабар:

Токойлорду мыйзамсыз кыюу кыскарды

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
38

Токойлорду кыйгандарга каршы доо айыптын күчөтүлүшү менен мыйзамсыз көчөт кыюлар азайган. Алсак, алардын саны өткөн жылга чалыштырмалуу 1 миң 800 түпкө кыскарып, зыян 3 млн 778миң сомго кемиген. Бул боюнча Токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин директору Элдияр Шерипов кабарлады.

-4 сантиметрге чейинки бутактарды кыйгандардарга 381 миң сом айп пул салынат. Ар бир 30 сантиметрге 381 миң сом кошула берет.  Доо айып мурдагы өлчөмүнөн 10 эсеге көтөрүлгөн. Ошентип, мыйзамсыз дарак кыюулар азайды.

Мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде жыл башынан бери 3 өрт кырсыгы катталып, 2 гектара жакын токой аянты күйгөн. Аны менен мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 194 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов билдирди. Мындан сырткары, дарактарды кыюуда атайын белги коюларына токтолду.

-Токойлорду көзөмөлдөөдө дарактар текшерилип, кыюулчу көчөттөргө атайын белги коюлат. Же болбосо, токойлордо бактерия, оорулар пайда болгон учурда Илимдер академиясынын кызматкерлери чакырылат. Биргеликте кандай чара-көрүлүш керектиги такталат. Эгерде дарылоого болсо, анда дарылап айыктырабыз. Болбосо, дарактарды кыюуга туура келет. 

2017-жылдын жаз айларында токой чарбалар 1 миң 811 гектарга экме токой отургузган. Ага кошумча  токтой көчөтканаларында 14 гектарга бак-дарактардын 43 түрүнүн уругу себилген. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Нурлан Жумаевдин айтымында, Өкмөттүн өлкөнү жашылдандыруу боюнча буйругуна ылайык, токой чарбалар тарабынан жылына социалдык объектилерге, мектептерге жана башка мекемелерге баары болуп 2 млн көчөт таратылат.

-Жылына агенттикке тиешелүү 2 миң гектарга чейинки аянттарга көчөт отургузабыз. Ага кошумча 15 млн көчөт өстүрөбүз. Мындан сырткары, ӨКМ менен биргеликте жер көчкүлөрдүн алдын алуу максатында жыл сайын 200 миңге жакын бак тигилет. Көчөтканаларда бак-дарактардын 43 түрү өстүрүлөт. 

Токой экосистемасын өнүктүрүү департаменти жаңы-жыл алдында жарандардын арча, карагайларды кыюусун көзөмөлгө алат. Ал үчүн тийиштүү даярдыктарды көрүп жатат. Аталган департаменттин башкы адиси Руслан Термеевдин билдиргенине караганда, бир карагай 500 сомдон 800 сомго чейин сатылат.

-Жаңы-жылдык балаты катары арчалар түбүнөн кыйылбайт. Майрамдын эртеси балатыны короого тигип коюга ылайыкташтырып, тамыры менен сатышат. Болжолдуу баалары 500-800 сомдун аралыгында болот.  

Кошумчалай кетсек, Мамлекеттик токой фондунун карамагында жалпы 3 млн 474 миң гектар аянт бар. Ал эми токойчулардын саны 913тү түзөт. Демек, ар бир токойчу 3 жарым гектардай аянтты көзөмөлдөөгө туура келет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *