Шашылыш кабар:

«Экспорт кербени-2» маалыматтык кампаниясы жыйынтыкталды

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
53

Бүгүн, 7-декабрда  Кыргызстанда бир айлык “Экспорт кербени-2” маалыматтык кампаниясы жыйынтыктады.  Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Маалымат боюнча, “Экспорт кербени” өлкөнүн баардык облустарында болду. Анда экспортко багытталган товар өндүрүүчүлөр менен жолугушуулар уюштурулду.

Иш-чара алкагында  ишкерлерге товарды маркировкалоо жана таңгактоо ыкмалары үйрөтүлүп, салыкты кайтаруу, каражат табуу жолдору боюнча маалыматтар берилди.

Бул жолку экспорт кербенинде 5 тармак белгиленген. Ошондой эле, соода логистикалык борборлорго экскурсия уюштурулуп, алардын тажрыйбасы көсөтүлдү.

Эске сала кетсек, “Экспорт кербени-2” маалыматтык кампаниясы 8-ноябрда ишин баштаган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *