Шашылыш кабар:

Банктан 2,4 миллион сом уурдоого шектелген жаран кармалды

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
183

Бишкектеги “ЭкоИсламикБанкынан” 2,4 миллион сом уурдаган жаран кармалганы аныкталды. Буга байланыштуу иш Октябрь  райондук сотуна өткөрүлгөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

2017-жылдын 11-августунда аталган банктан Октябрь райондук ИИБне белгисиз бирөө банктан акча уурдаганы тууралуу маалымат түшкөн. Акча “ЭкоИсламикБанкынын “Түштүк” филиалындагы сейфтен уурдалган. Натыйжада банкка 2 миллион 444 миң сом зыян келтирилген.

Бул фактынын негизинде “уурдоо” беренеси боюнча клымыш иши козголду. Бирок, кармалган жаран тууралуу маалымат бүгүнкү күнгө чейин ачыкталган эмес.

Бүгүн, 7-декабрда маалым болгондой, банктан акча уурдоого шектүү катары 1972-жылы туулган Сергей К. аттуу жаран кармалган. Ал банктын кызматкери болгон.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *