Шашылыш кабар:

Зилалиев: «Дастан» заводу азырынча сатылбайт

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
67

“Дастан” заводу азырынча сатылбай турган болду. Мындай корутундуну Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети чыгарган. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директору Дүйшөнбек Зилалиев парламент жыйынында билдирди.

Зилалиевдин айтуусунда, аталган заводдун 98,5 пайыз акциясы Кыргызстандын менчигинде.

Маалыматка ылайык, заводдун ишин баалоо жана тендер жүргүзүлгөн. Макулдашуу этабында “Дастан” заводу стратегиялык объект болгондуктан аны сатууга болбой тургандыгы жөнүндө  УКМКдан кат келген. Азырынча сатуу процесси токтотулду.

Зилалиев ошол эле учурда, завод сатылбайт деп айтуу эрте экенин кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *