Шашылыш кабар:

Улутташтырылган 47 мүлктүн 21 объектиси менчикке сатылышы мүмкүн

Декабрь 7th, 2017 | by Субанбек Исмакеев
Улутташтырылган 47 мүлктүн 21 объектиси менчикке сатылышы мүмкүн
Кыска кабар
0

Жогорку Кеӊеште өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин натыйжалуу башкаруу маселесине арналган өкмөттүк күндүн жүрүшүндө бир катар депутаттар буга чейин улутташтырылган мүлктөрдүн азыркы абалына, бул багытта көрүлүп жаткан чараларга, аларды күтүүгө чыгымдалган каражаттын өлчөмүнө кызыгышты.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, ушу тапта мамлекеттин карамагында 47 улутташтырылган мүлк турат.

«Алардын ичинен 26 мүлк мамлекеттин өзүндө калды: 11 имарат, 2 жер участкасы, 5 автоунаа жана мүлк топтому. Ал эми 16 объект ишенимдүү башкарууга берилди», — дейт ал.

Ошондой эле, мамлекет тарабынан улутташтырылган 47 мүлктүн ичинен 21 объект жеке менчикке сатыла турган мүлктөрдүн тизмегине кирген. Андан тышкары, улутташтырылган мүлктү күтүүгө бюджеттен бир да тыйын жумшалбай турганы, алар өзүн-өзү камсыз кылууга тийиш экени белгилүү болду.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache