Шашылыш кабар:

Быйыл 10 айда 209 бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
51

2017-жылы 10 ай ичинде 209 балдар бакчасы мамлекеттин менчигине кайтарылган. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков 7-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ал мекемелер максатына ылайык бала бакча катары кызмат кылуууда, бирок 6 бала бакча имараты капиталдык оңдоого муктаж.

Министрдин орун басары белгилегендей, быйыл өткөң жылдарга салыштырмалуу мамлекетке кайтарылган бала бакчалардын саны бир эсеге көп болду.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *