Шашылыш кабар:

Бишкекте илим жана инновациялар багыты талкууланат

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
44

8-декабрда илим жана инновациялар боюнча “Мейкиндик 2020” аталышындагы маалыматтык семинар өтөт.  Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Иш-чара саат 10.00дө башталат. Аны Улуттук координациялык борбор Билим берүү жана илим департаментинин колдоосу менен уюштурууда.

Маалыматтык семинар алкагында “Мейкиндик 2020” программасынын негизги структуралары, илим тармагындагы жаңы конкурстар, бул багыттын өзгөчөлүктөрү талкууланат.

“Мейкиндик 2020” программасы Европа Биримдигинин 2014-2020-жылдар аралыгындагы иликтөөлөрдү жана инновацияларды каржылоонун негизги инструменти болуп эсептелет.

Иш-чарага   Улуттук илимдер академиясынын илимпоздору, жогорку окуу жайлардын окутуучулары  чакырылган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *