Шашылыш кабар:

Парламентте мүлк боюнча өкмөттүк күн өттү

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
40

Жогорку Кеңештин депутаттары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мүлктөрдү пайдалануу боюнча ишин сынга алды. Эл өкүлдөрүн нааразы кылганы — киреше түшчү ишканалардан бюджетке түзүк каражат түшпөйт, анысы аз келгенсип, сатыкка коюлган баалары да өтө төмөн. Мамлекеттин мүлктөрү бар ишканалардын экономикалык абалын талкуулаган парламент фонд кирешелүү мамлекеттик объектилерди сатпастан, пайдасын көрүп иштетсе болмок  деген ойдо.


Жогорку Кеӊеште мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруу маселесине арналган өкмөттүк күн өттү. Иш-чарага вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Маалыматка караганда, ушу тапта мамлекеттик мүлктү башкаруу усулун жакшыртуу максатында, бир катар алгылыктуу чаралар көрүлүүдө. Мамлекеттин карамагында «Альфа Телеком», «Манас» эл аралык аэропорту», «Кыргызнефтегаз», «Айыл банк», «РСК банк» сындуу ири компаниялар бар.

Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, мамлекет 59 акционердик коомдун мүчөсү болуп саналат. Быйыл алардан 2 млрд 176 млн сом көлөмүндө дивиденд түшкөн. Ал эми жыл аягына чейин бюджетке 3 млрд 300 млн сом өлчөмүндө каражаттын түшүүсү болжолдонууда.

Азыркы учурда мамлекеттик органдарды координациялоо менен баланс кармоочулар тарабынан инвентаризациялоонун жыйынтыктарын маалымат системасына киргизүү боюнча жумуш жүргүзүлүп жатат. Мындан ары бул маалымат системасын кеңейтүү боюнча жана аны башка мамлекеттик реестр ресурстар менен бириктирүү «Таза Коом» алкагында каралат.

Бүгүнкү күндө мамлекеттин карамагындагы ишканалардын ишин жандандыруу, алардын санын оптималдаштыруу чаралары көрүлүп жатканы белгилүү болду. Жыйынтыгында 43 ишкана кайра түзүлдү, 90 ишкана мамлекеттик мекемеге айландырылып, 10 ишкана жоюлган. Жалпысынан алганда, ушул жылдын ноябрь айына карата мамлекеттик ишканалардан 124 млн сом өлчөмүндө каражат түшкөн.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик мүлктөрдү кантип натыйжалуу башкаруу жолдорунун тегерегинде сөз жүрдү. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев иши рентабелдүү болбогон мамлекеттик ишканалардын укуктук статусун чечүү боюнча сунуштарды берерин белгиледи.

Ошондой эле, ал мамлекеттик ишканалар иштебесе аларды жоюу керектигин, каражат жумшап, аларды кармап туруунун кажети жоктугун билдирди.

-Бүгүнкү күндө Ысык-Көл районундагы “Алтын балалык” реабилитациялык борбору боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Эл арасында сөз болуп жаткан “Манас” эл аралык аэропорту сатылат деген маалымат туура эмес. Башка ыкмалар менен анын ишмердүүлүгүн арттыруу боюнча пландар түзүлүп жатат.

Депутат Улукбек Ормонов “Дастан” акционердик коомунун качан сатылаарына кызыкты.

Дүйшөнбек Зилалиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен корутунду түшкөнүнө байланыштуу «Дастанды» сатуу токтотулганын айтты.

Бүгүнкү күндө «Дастандагы» мамлекеттин үлүшү 98 пайыздан ашат. Эки компания анын баасын чыгарган. Макулдашуу этабында УКМКдан «Дастан» стратегиялык мекеме, аны сатканга болбойт» деген корутунду келген. Азыр ишкананын сатылышы же сатылбай калышы боюнча эч нерсе айта албайбыз. Жакын арада белгилүү болот.

КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жакын жерде жайгашкан 48 VIP-коттедж боюнча суроо берди. Анын айтымында, коттеджди сатууда коррупциялык схемалар болгону аталууда.

Максим Бакиевге таандык болгон деп айтылган 48 коттедждин сатылышында коррупциялык схемалар болгону айтылып, анда айрым өкмөт мүчөлөрүнүн аты да аталып жатат. Бул маселеде БТА банкынын төрагасынын жана кеңешчисинин аты да аты аталып жүрөт.  Бул жерди сатпай эле балдар үчүн социалдык шаарча курсак болбойт беле?

Ал эми өкмөт бул объект мыйзам чегинде менчиктештирилгенин билдирди

Кыргызстанда  жалпысынан 1 130 мамлекеттик ишкана каттоодон өткөн. Ушул тушта анын 236сы гана иштейт. Талдоонун негизинде бир нече өкмөттүк чечим кабыл алынып, жыйынтыгында мамлекеттик ишканалардын саны 99 даанага кыскартылган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *