Шашылыш кабар:

Г.Төралиева: Бир катар мамлекеттик мекемелер маалыматтарды ачыкка чыгарат

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
52

Мында ары бир катар мамлекеттик мекеме-уюмдар буга чейин жабык сактап келген маалыматтарды ачыкка чыгарат. Өкмөттүн жумушчу тобу мындай ары маалыматтарды ачык жарыялай турган министрлик менен мекемелердин тизмесин түзгөн. Бул тууралуу премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнур Төралиева Фейсбуктагы жеке баракчасына жазды.

Өкмөт башчынын кеңешчиси жазган боюнча, маалыматтарды ачык жарыялоо курулуш жана архитектура, бизнес тармагындагыларга, журналисттерге, изилдөөчүлөргө, академиялык чөйрөдөгүлөргө, бейөкмөт уюмдарына жана башка тармактарда иштегендерге жардамы тиет. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдарды эскертүүгө жана коопсуздукту түзүүгө өбөлгө болот.

Төмөндө мекемелердин тизмеси: 

— Улуттук статистика комитети;

— Мамлекеттик каттоо кызматы;

— Мамлекеттик салык кызматы;

— Каржы министрлиги (Мамлекеттик сатып алуулар департаменти, баалуу металлдар департаменти)

— Экономика министрлиги;

— Инвестиция жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиги;

— Билим берүү жана илим министрлиги;

— Саламаттыкты сактоо министрлиги (Дарылар менен камсыздоо департаменти);

— Милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу фонду;

— Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттиги;

— Юстиция министрлиги.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *