Шашылыш кабар:

Кыргыз авиациялык колледжи авиациялык институт болуп кайра түзүлдү

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
49

Кыргыз авиациялык колледжи эми «И.Абдраимов атындагы авиациялык институт» болуп кайра түзүлдү. Тиешелүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Өкмөттүн коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, мындай чечим Республикадагы авиациялык ишканалардын жогорку авиациялык билими бар адистерге муктаждыктарын эске алуу менен кабыл алынган. Эми мурдагы инфрактруктуранын базасында авиация жаатындагы  огорку жана орто кесиптик адистерди даярдаган заманбап жогорку окуу жайы түзүлөт.

Негизги басым ата мекендик ишканалардын билдирмелери боюнча адистерди даярдоого багытталып, кийинчерээк жакынкы жана алыскы өлкөлөр үчүн да даярдай баштайт.

Проектин ишке ашышы биринчи кезекте Кыргыз Республикасы үчүн оң таасирин берет, анткени, бүгүнкү күндө заманбап авициялык окуу жайга муктаждыктар бар.

Аталган чечим өкмөттүн «Жаны доорго – кырк кадам» программасынын алкагында кабыл алынган

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *