Шашылыш кабар:

Кара-Кече көмүр кениндеги азыркы абал сүрөттөр менен

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
171

Кара-Кече көмүр кенинде абал жөнгө салынып, бардык жүк ташуучу автоунаалар кезек менен кирип, кезек менен чыгууда. Көмүр жүктөлгөн автоунаалар 3 жерден таразага тартылат. Ошондой эле бүгүнкү күндө жумушчулар үчүн «шахтерлордун шаарчасы» уюштурулууда. Ал үчүн атайы 15 контейнер алынып, 104 кишиге ылайыкташтырылган жатаканалар уюштурулду. Кара-Кече көмүр кениндеги азыркы абал боюнча төмөндөгү сүрөт баяндан таанышыңыз.


Көмүр ташып жаткан оор жүк ташуучу автоунаалардын кезек күтүүсү иретке келтирилген. Баары талон менен кирип, ошого жараша кезекке турушат. Күндөп кезекте турган айдоочуларга атайы шарттар да түзүлгөн.

Электрондук тараза коюлуп, көмүрдү алып чыгып кетүү механизми иретке келтирилгенден бери көмүрдү казып алуу планы дагы кескин көбөйгөн. Филиалдын жетекчиси Шайырбек Сасыкуловдун айтымында быйылкы 350 миң тонна пландын 300 миң тоннасы берилген.

Эске салсак, буга чейин көмүрдү казып алуунун көлөмүн көбөйтүү максатында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети  15 млн сом ссуда бөлгөн. Ага атайы 8 техника алынды. Учурда алардын 4 алынып келинди.

 

  

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *