Шашылыш кабар:

Көк бөрү улуттук ат оюну Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОго катталды

Декабрь 7th, 2017 | by Субанбек Исмакеев
Көк бөрү улуттук ат оюну Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОго катталды
Кыска кабар
0

Кыргыздын “Көк бөрү” улуттук ат оюну Кыргызстандын атынан ЮНЕСКО уюмунун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилди. Бул тууралуу маалымат ЮНЕСКОнун расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, көк бөрү боюнча маселе Түштүк Кореянын Чежу аралында өткөн материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөт аралык комитеттин 12-сессиясында каралган.

Көк бөрү оюнун каттоого документтер 2014-жылы жиберилгенде кайра толуктоолорду киргизиш үчүн артка кайтарылган. Бул жылы жалпысынан тизмеге киргизүү 49 номинация менен каралган.

 

 

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache