Шашылыш кабар:

Өмүралиева президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
205

Бишкектеги “Ата-Түрк” паркынын аймагынан президент Сооронбай Жээнбеков да убагында жер алган. Мындай маалыматты «Биздин укук» коомдук фондунун жетекчиси Калича Өмүралиева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтуусунда, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков парк аймагынан алган жерине эч нерсе салган эмес. Ошол себептен ал жерди шаар менчигине кайра кайтарып берүүнү өтүндү.

Калича Өмүралиева, «Марал» радиосуна берген маегинде президентке атайын кайрылуу жасады. Ал парк аймагынан жер аянтын алган башка чиновниктерге үлгү болуусун суранды.

Маалым болгондой “Ата-Түрк” паркынын аймагынан жер аянтын алгандардын тизмесинде бир топ мамлекеттик кызматкерлердин аты аталат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *