Шашылыш кабар:

Сапар Исаков: Президент менен премьер-министр тирешпейт

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
56

Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министрдин тирешүүсү болбойт. Мындай сөзүн өкмөт башчы Сапар Исаков журналисттин «Сиздин укугуңуз кеңейди. Эми президент менен ортоңуздарда атаандаштык болбойбу?» деген суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Өз сөзүндө президент Сооронбай Жээнбековду көптөн бери тааный турганын белгилеп, мамлекет башчыны көптү көргөн, кыраакы, аша чаппаган токтоо адам катары сыпаттады.

Жада калса, Сапар Исаков өзүнүн атасы менен С.Жээнбеков чогуу иштегенин кошумчалап, «тирешүүгө жол берилбейт»,- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *