Шашылыш кабар:

Патрулдук милиция өз алдынча башкармалык болушу мүмкүн

Декабрь 7th, 2017 | by Субанбек Исмакеев
Патрулдук милиция өз алдынча башкармалык болушу мүмкүн
Кыска кабар
0

Патрулдук милиция башкы башкармалыгы көз карандысыз болуусу керек. Мындай пикирин премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 7-декабрда журналисттерге билдирди.

«Бул башкармалык шаардык милиция башкармалыгына, Ички иштер министрлигине да жана башка бир канча тарапка көз каранды. Жолдон чогулткан акчасын ошолорго ташып жүрүшөт,«-деди өкмөт башчысы.

Ошондой эле, премьер-министр бул тармакты реформалоо боюнча атайын комиссия түзгөнүн, анда өзү төрагалык кыларын да белгиледи. Ал комиссияда бейөкмөт уюмдар жана жарандык активисттер да бар экенин кошумчалады.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache