Шашылыш кабар:

Палестина АКШ менен Израилдин сүйлөшүүлөрүндө ортомчусу болуудан баш тартты

Декабрь 7th, 2017 | by Гүлбарчын Тилембаева
Палестина АКШ менен Израилдин сүйлөшүүлөрүндө ортомчусу болуудан баш тартты
Дүйнө кабарлары
0

Палестина АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору катары жарыялашын сынга алды. Бул тууралуу Орусиядагы Палестинанын элчиси Абдель Хафиз Нофаль билдирди.

Андан тышкары, элчи аталган маселе боюнча Палестина Вашингтон менен Израилдин сүйлөшүүлөрүндө ортомчусу болуудан баш тартаарын кошумчалады. Элчинин айтымында, Трамптын мындай кооптуу кадамына эч ким ишене албай турган. Эми бул маселе аймакта баш аламандыкка алып келээрин кошумчалады.

Эске сала кетсек, Трамп Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныганын жарыялады.

Comments are closed.