Шашылыш кабар:

С.Исаков: Биз Центерранын башка кендеринен дивидент ала баштайбыз

Декабрь 7th, 2017 | by Субанбек Исмакеев

Кыргызстан жакында «Центерра Голд Инк» компаниясынын башка кендеринен да дивиденд ала баштайт. Андыктан бул темада популизмге алдырбай, сергек кароо зарыл. Мындай пикирин премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 7-декабрда журналисттер менен жолугушуу учурунда айтты.

Өкмөт башчы билдиргендей, бүгүнкү күнү дагы «Кумтөр» кенинин 100% үлүшүн мамлекетке алып койсо болот. Бирок кендин жабылышына 8 жыл калды. Ал эми «Центерра» учурда Кумтөрдөн башка дагы чоң кендерди иштетип, чоң компанияга айланган. Андыктан акционер катары дивиндент алып туруу бюджетке кошумча киреше алып келет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache