Шашылыш кабар:

Орусиянын аскердик базалары Сириянын аймагынан чыгарылбайт

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
47

Орусиянын Сириядагы Хмеймим жана Тартус аскердик базалары террорчулук менен күрөшүү операцияларын соңуна чыгаргандан кийин дагы функчиясын аткарууну улантат. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик думасынын коргонуу  боюнча комитетинин төрагасы Владимир Шаманов билдирди.

Депутаттын айтымында, аталган орус аскер базалары Сириядагы милдетин аткарып эле тим болбостон, ошол аймакта калып, ишин мындан ары дагы жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн карайт. Себеби, аймакта терроризм менен күрөш аяктап калганы менен кырдаал дагы деле кооптуу.

Ошону менен катар Шаманов, аталган базалар конфликттен кийинки кырдаалды жөнгө салууга багытталган пландарын иштеп чыгат.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *