Шашылыш кабар:

«Конституцияда митингдерге уруксат берген артыкчылык бар»

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
87

Укук коргоочулар менен жарандык активисттер 6-декабрда уюштурган талкууда, Кыргызстанда жарандардын тынч жыйындарга чогулуусуна тыюу салынып жатканына нааразычылыктар айтылды. Алардын маалыматында бул жылы баш аягы Кыргызстанда митинг өткөрүүгө жети айга бөгөт коюлган.

Аталган талкууда алар БУУнун тынч жыйындарга чогулуу укугуна байланыштуу маселелер боюнча атайын баяндамасын Кыргызстанга чакырууну өтүнүп, өкмөткө кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алышты.

Жарандардын ар кандай тынчтык митингдерине чыгуу укугу тууралуу Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бизге өз пикирин билдирди.

Марал: Укук коргоочулардын айтымында Кыргызстанда  быйыл митинг өткөрүүгө сот тарабынан жети айга тыюу салынган экен. Ар кандай нааразычылык акцияларына коюлган бөгөт канчалык мыйзамдуу?

Клара Сооронкулова: Бул мыйзамсыз. Биздин Конституцияда митинг жана башка тынч чогулуштарды, жыйындарды өткөрүүгө уруксат берген артыкчылыгы бар. Бул укуктун чектелбегени. Башка өлкөлөрдө митинг өткөрүү үчүн сөзсүз уруксат алыш керек же тиешелүү тараптарга алдын ала кабарлоо зарыл. Кыргызстанда болсо мындай чектөө жок. Каалаган убакта, каалаган жерде чогула берсе болот. Эң негизгиси тынч максатта чогулуу керек. Баш мыйзам боюнча эгер кандайдыр бир шарттарга байланыштуу, башка бирөөнүн укугун коргоо үчүн же коопсуздук максатында тыюу салына турган болсо ал мыйзам аркылуу гана ишке ашышы мүмкүн.

Сүрөттө Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *