Шашылыш кабар:

Акыйкатчы К.Оторбаев Москвада убактылуу кармоо жайын текшерди

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
360

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Орусиянын Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында,  чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу Сахаров атайын мекемесиндеги кыргыз жарандарынын жашоо шарты жана абалдары менен таанышты. Бул тууралуу Акыйкатчы институнунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, учурда бул жайда 44 кыргызстандык бар. Алардан 13 киши бүгүн Бишкекке кайтарылат. Акыйкатчы билдиргендей, көпчүлүк кармалгандар юридикалык кеп кеңештерге муктаж.

Сапар алкагында, маселени жеринен чечип, тиешелүү деңгээлде жардам берүү максатында Кубат Оторбаев Орусиянын адам укуктары боюнча өкүлчүлүгүнүн мигранттар менен иштешүү бөлүм башчысы Сергей Бурлик, сот өкүлү Сергей Хренов жана убактылуу кармоочу жайдын жетекчиси Иван Глинов менен жолугушуп, баардык суроолорго жооп алууга шарт түзүп берди.

Чогулгандар эмгек мигранттарынын укугун коргоо үчүн, Акыйкатчынын өкүлчүлүгүн ачып берүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Бүгүнкү күнү Орусия аймагында 615 миңге жакын эмгек мигранттары бар. Алардын 300 миңи Москва шаарында иштеп жаша жүрүшөт.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *