Шашылыш кабар:

Өзбекстан ажылыкка баруунун шарттарын катаалдантты

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
85

Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгы ажылык боюнча жаңы фатва чыгарды. Анда ажылыкка баруунун шарттары бир топ өзгөртүлгөнү айтылууда.

Өзбекстанда жаңы чыгарылган фатвага ылайык, мындан ары ажылыкка аттангандардын финансылык абалы тыкыр текшерилет. Тагыраак айтканда, жеке жактарга же банктарда карызы, кредити жок болушу зарыл. Андан сырткары ал кеткенде үй-бүлөсүн толук камсыздоого жете турган ашыкча акчасы да болуусу абзел. Ошол эле учурда ажылык зыяратка бараткан адамдын коомдогу, айылдагы орду да текшерүүгө алынат. Ал жүрүм-туруму менен өз туугандарынын жана айылдаштарынын арасында  кадыр-баркка ээ болуусу шарт.

Коңшу мамлекеттин Мусулмандар дин башкармалыгы билдиргендей, буга чейин өлкөдө толук шарты болбой туруп ажылык зыяратын аткаргандар, ошонун арты менен коомдо кадыр-барк топтогусу келгендер көбөйүп кеткен. Айрымдары карызга да баткан учурлар катталган. Мындан улам, жаңы фатва чыгарылып, эми ал талаптар жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөлдөнөт.

Буга чейин Өзбекстанда ажылык зыяратка бир гана жолу баруу талабы коюлган. Бул өлкөдө жылына 10-15 миңдей жаран мусулмандык парзын аткаруу үчүн Меккеге барып келет.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *