Шашылыш кабар:

ТЮРКСОЙ 2018-жылды «Айтматов жылы» деп жарыялады

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
70

2018-жылды ТЮРКСОЙ «Айтматов жылы» деп жарыялады. Мындай чечим Түрк маданиятынын эл аралык  уюмунун Казакстандын Түркстан шаарында өткөн 35-жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов кабарлады. 

Анын айтымында, 2018-жылы ТЮРКСОЙ эгидасы алдында бул уюмга кирген өлкөлөрдө Чыңгыз Айтматовга арналган көптөгөн иш чаралар  өтмөкчү.

Бул жыйында Кыргызстан ТЮРКСОЙдун башкы катчысын шайлоого жана иштөө мөөнөтүнө байланыштуу уюмдун Келишимине өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Атап айтканда, бир эле өлкөнүн өкүлүнүн башкы катчынын кызматын катары менен көп жолу ээлеп турушун алгылыксыз деп эсептерин билдирди. Талкуулардан кийин Кыргызстандын сунушун изилдеп жана аны 2018-жылы боло турган жыйынга алып чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

ТЮРКСОЙ уюмунун башкы катчысынын кызматын 2008-жылдан бери Казакстан өкүлү Дүйсен Касеинов  ээлеп келатат, бул жолу дагы ал көпчүлүк добуш менен кийинки мөөнөткө шайланды. 

2018-жылы  Түрк маданиятынын эл аралык  уюму 25 жылдык маарекесин белгиленет. ТЮРКСОЙ Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Түркмөнстан сыяктуу түрк тилдүү өлкөлөрдүн башын кошуп турат.

”Түрк элдеринин жалпы материалдык жана маданий эстеликтерин сактоо, өнүктүрүү жана келечек муундарга өткөрүп берүү үчүн түрк элдеринин кызматташтыгын” аталган уюм өзүнүн башкы максаты катары жарыялаган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *