Шашылыш кабар:

Иерусалимдин макамы БУУнун коопсуздук кеңешинде талкууланат

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
62

БУУнун коопсуздук кеңеши Иерусалимдин макамы тууралуу АКШ президентинин жарыясын 8-декабрда карайт. Бул демилге Израиль тарабынан сунушталды.

АКШнын президенти Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору катары жарыялаган. Бул тууралуу президент Твиттер баракчасына жазып, Ак үй бул маалыматты тастыктаган.

Трамптын айтымында, Иерусалимди Израилдин борбору катары таанып, АКШнын Тель-Авивдеги элчилигин Иерусалимге которуу тууралуу мамлекеттик департаментке тапшырма берди.

Трамптын бул жарыясын Жакынкы чыгыш мамлекеттери терс кабыл алууда. Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган жана Ирандын президенти Хасан Роухани бул чечимди чектен чыгуу деп баалашты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *