Шашылыш кабар:

Р. Жээнбеков: Саакашвили туура жолдо баратат

Декабрь 6, 2017 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
229

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили менен Украина бийлигинин ортосундагы тиреш дагы деле курч бойдон калууда. Буга украин күч кызматкерлеринин шейшемби күндөгү Саакашвилини кармоо аракети ийгиликсиз аяктаганы да себеп болду. Анткени Саакашвилини күч кызматкерлери кармаган учурда, аны тарапташтары куткарып калышты. Мындан ары Порошенко менен Саакашвилинин тиреши кайсы нукта өзгөрөт жана Саакашвилини кандай саясий тагдыр күтүп турат?

 6-декабрда украинанын башкы прокурору Юрий Луценко  мурдагы грузин лидерине кылмыш иши козголгонун, ал бийликти мыйзамсыз жол менен басып алууга аракет кылганын билдирип чыккан. Андан көп өтпөй украин коопсуздук күчтөрү Саакашвилини 8 кабаттуу үйдүн чатырынан кармашкан. Бирок анын тарапташтары унаанын жолун тороп, Саакашвилини күч менен куткарып калышкан. Андан ары Михаил Саакашвили президент Порошенконун импичментин талап кылып, тарапкерлери менен Майданга жол алган. Прокуратуранын камоосунан аман калган Саакашвили украин бийлигинин бул кылганын анын саясий эркин сындыруу аракети деп баалайт.

“Мага козголгон кылмыш иштеринин баары жалган. Алар айласы кеткенде мени митингдерди уюштурууга акча алды деп жатышат. Себеби алар өздөрү жеткен коррупционерлер.  Бийлик мага карата уюштурган провакацияларга ишенбегиле, украин калкы акыйкатты сүйгөн эл. Силер “Михаил Саакашвили үчүн” эмес, украинанын жаркын келечеги үчүн күрөшкүлө. Мен ансызда качан жана каерде болбоюн коррупцияга каршы күрөштү улантарымды жана бул ишке керт башымды койгонумду айткым келет”. 

Азыркы тапта украин бийлиги Саакашвилиге расмий түрдө издөө жарыялаган жана өз эрки менен суракка келүүсүн эскерткен. Мындан улам, дүйнөлүк коомчулук Саакашвилинин мындан аркы саясий тагдыры кандай болот деп кабатырланууда. Кыргызстандык айрым саясатчылар да бул окуяга көз салып турган кези. Экс-депутат Равшан Жээнбековдун пикиринде, Саакашвили буга чейин Грузияда реформатор экенин иш жүзүндө далилдеген саясатчы. Мындан улам анын келечегине кабатырланууга негиз жок деп эсептейт.

«Саакашвили учурда туура багытта бара жатат. Ал эч кандай мыйзам бузган жок. Ага коюлган айыптоолор бийликтин айласы кеткендеги иши. Бирок бул Саакашвилинин саясий карьерасына жолтоо болот дегенден алысмын. Анын келечеги жакшы болоруна ишенем». 

Ал эми украиналык укук коргоочу жана адвокат Виктор Смалий Киевдеги акыркы окуялар Саакашвили  үчүн саясий упай болду деген пикирде.

“Саясий жактан караганда утуш Саакашвили тарапта. Айрыкча аны тартип сакчыларынан колунан калктын сактап калышы демократиянын жемиши болду. Демек коом туура багытта баратат. Ал эми Порошенко тууралуу айтсам, ал бул саясий тиреште утулуп калды”.

Киевде болуп жаткан окуяларга байланыштуу АКШнын мамлекеттик департаменти да үн катты. Алар эки тарапты тең мыйзам чегинде иш алып барууга чакырды. Ал эми Орусия болсо мурдагы ынак достор Порошенко менен Саакашвили аларды чындыгында “таң калдырып” жатканын жашырган жок.

Эске салсак, Грузиянын мурдагы лидери Михаил Саакашвили 2014-жылы украин жарандыгын алган. Ал кезинде чогуу окуган группалашы Порошенко менен тилектеш саясатчы катары ага кеңешчи да болгон. Одесса облусун бир канча убакыт башкарып, бир топ реформаларды жасоого жетишкен. Бирок кийинчерээк, ал украин бийлиги коррупция менен толук күрөшпөй жатканын айтып, Порошенкону сындап баштаган. Көп өтпөй Порошенко АКШга кеткен Саакашвилини украин жарандыгынан ажыраткан.  Бирок Саакашвили сентябрда Польша аркылуу Украинага келген. Анда да укук коргоо органдарынын чеңгээлинен аны тарапташтары куткарып калган эле…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *