Шашылыш кабар:

Путин кезектеги президенттик шайлоого катыша тургандыгын расмий жарыялады

Декабрь 6th, 2017 | by Орозгүл Арстанова
Путин кезектеги президенттик шайлоого катыша тургандыгын расмий жарыялады
Дүйнө кабарлары
0

Орусия президенти Владимир Путин  2018-жылдагы президенттик шайлоого катышаарын жарыялады.

Владимир Путин кезектеги президенттик шайлоого бараар-барбастыгын буга чейин сыр тутуп келген. Ал көпчүлүктү кызыктырган билдирүүсүн бүгүн Нижний Новгороддогу Горкий автомобиль заводунун 85 жылдыгында сүйлөп жатып, жарыялады.

«Мен Орусия Федерациясынын президенттиги үчүн талапкерлигимди коем. Муну жарыялоого мындан башка жер жана мындай мүмкүнчүлүк жок деп билем. Орусия ар дайым алдыга жүрөт жана ага эч ким тоскоол боло албайт, токтото да албайт»-деп сөзүн жыйынтыктаган.

Орусияда кезектеги президенттик шайлоо 2018-жылы мартта болуп өтөт. Шайлоого карата үгүт иштери 17-декабрда старт алат. Путин эгер шайлоодо жеңип чыкса, анда ал 2024-жылга чейин бийликти өзү тизгиндейт.

 

Comments are closed.