Шашылыш кабар:

Өлкөдө имамдардын билим деңгээли кандай?

Декабрь 6, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
44

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияcы жана Тынчтык инновациялар боюнча Булан институтунун иликтөөлөрүнө ылайык, өлкөдө ар бир бешинчи имам диний жогорку билимге ээ эмес. Башкача айтканда, 2 миң диний кызматкердин 70%ы жогорку диний билими жок медресе жана башка диний окуу жайларда сабак берет. Булан институтунун медиа координатору Назгүл Калмамбетова билдиргендей, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын дин кызматкерлеринин 2.5 % гана жогорку билим алган. Андыктан, медреселер сабаттуу окутуучуларга муктаж.

-Кыргызстандын медреселеринде жана башка диний окуу жайларда сабак берген аалымдардын 20 пайызынын гана базалык диний билими бар экени расмий аныкталды. Ошондой эле, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын 2 миң диний кызматкеринин 70% жогорку диний билимге ээ эмес. Бирок, медреселерде сабак берип жүрөт. Кызматкерлердин калган 20% медреселерди бүтүргөн. Ал эми 10% кыска мөөнөттүк имамдар курсун аяктаган. 

Ал эми Мусулмандар Дин башкармалыгынын окуу-тарбия бөлумүнун башчысы Аким ажы Эргешов Булан институнун маалыматын четке кагат. Анын айтымында, имамдар элди диндин негизги жана зарыл болгон жалпы баалуулуктарына үндөйт. Ал билим берүү мекемелерине кирбейт. Ошондой эле, медреселерде сабак берген окутуучулардын баары диний сабаттуулукка ээ.

-Имамдар кайгы, шаттык болгон жерлерге барат. Алар эл менен иштеп, жалпы баалуулуктарды айтышат. Ал эми диний билим берүү мекемелерине атайын адистикти алган мугалим кирет. Булан институнун айткан маалыматында эч кандай негиз жок. Имамдарга эки жылдан бери семинарларды уюштуруп келебиз. 17 күндүк даярдоодо имамдардын илим-билимдик квалификациясын көтөрдүк.

Өлкөдөгү имамдардын Ислам дини боюнча маалыматы көп. Болгону алардын диплом же атайын сертификаттары жок экенин “Ыйман” диний маданият өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кабырбеков билдирди. Анын пикиринде, имамдарды «жогорку билимиң жок» деп кызматтан алуунун ордуна аларды окутуш керек. Анткени, чоң аалымдар аймактарга барып иштебейт.

-Имамдардын ордун ээлеп берем деген аалымдар алыскы региондорго барып иштебейт экен. Ал жерде айла жоктон иштегендер бар. Биринчиден, илимиң жок деп кызматтан алып койсок, ордуна ким иштейт деген суроо туулат.  Экинчиден, имамдарда официалдуу түрдө билими жок деп айтылганынын себеби, алар Совет доорунда хужрада окушкан. Диний билими аябай жакшы бирок, «илим алды» деген кагазы жок. Ошондуктан, имамдарды илимсиздикке чыгарып жатышат. Ал эми чындыгында андай эмес. 

Маалыматка ылайык, өлкөдө жалпы 112 диний окуу жай каттоодон өткөн. Бүгүнкү күндө 102 медресенин 72си иштейт жатат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *