Шашылыш кабар:

BIF-2017: Ишкерлер инвестор табууга да жетишишти

Декабрь 6, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
337

Бишкекте өткөн ири инвестициялык форум жыйынтыкталып, анын натыйжасында ишкерлер кандай сүйлөшүүлөргө барышты, инвестор таба алыштыбы? Же болбосо өзү үчүн аз да болсо пайдалуу маалымат алдыбы? Ушул суроолорго жооп издедик.

Кызыл-Кыя шаарынан келген жаш ишкер Асхат Муктаров «БИФ-2017» форумунан өзүнүн жашаган аймагы үчүн кандай пайдалуу маалымат  алгандыгы жөнүндө айтып берди.

Биз форумдун жыйынтыгында бир катар ишканалар менен сүйлөштүк, алар тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Мисалы, бул жакта краскалар, шпаклёвкалар чыгарылган компания менен баарлаштык, башка мамлекеттен келишкен экен. Келечекте ушул сыяктуу компаниялар менен иштешип Кызыл-Кыя шаарына да курулуш материалдарын алып келип сатса болот деп ойлоп калдым. 

Ишкерлер инвесторлор менен жолугуп өз долбоорлору тууралуу айтып беришти. Алардын бири Андижандан келген ишкер Өткүрбек Шадиев, инвестициялык форумдун жыйынтыктары тууралуу төмөнкүлөрдү айтты.

Биз текстиль тармагында эмгектенебиз. Трикотаж материалдарынан кийим-кечек тигип сатабыз. Бүгүн бул форумда өтө көп ишкерлер менен таанышып, тажрыйба алмаштык. Айрым компаниялар менен келишим түзүү максатында протоколдук негизде келишиштик. 

Белгилүү болгондой форумга башка мамлекеттерден келген ишкерлер да катышты. Алар да өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, маалыматтарды берүүгө жетишишти.  Орусиялык ишкер  интернет тармагындагы кызмат көрсөтүү боюнча иш алып барат.

Мен бул форумга катышканыма абдан кубанычтамын. Иш-чаранын алкагында көп ишкерлерге өзүмдүн тармагым жөнүндө айтып бердим. Мен интернет маркетинги боюнча иш алып барам. Бүгүн, инвестор издеген жокмун, болгону жаңы иш баштаган ишкерлерге маалымат берүүгө аракет кылдым. 

Инвестициялык форумга келип түшкөн долбоолордун арасында курулуш-тармагындагы долбоолор да бар. Мына ушул багытта инвестор болууну каалаган ишкер, бир канча башка компания ээлери менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн «Марал» радиосуна айтып берди.

-Бизге келип инвестор болуп бериңиз деп сурангандар болду. Бир-эки сүйлөшүп, иштешүү боюнча келиштик, жакынкы күндөрү баштайбыз. 

Бишкек инвестициялык форумунун жыйынтыгында ишкерлер бири-бири менен баарлашып, келишим түзүүгө да жетишишти.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *