Шашылыш кабар:

Борбор Азия «Давосу» болууга дагы бир кадам ташталды

Декабрь 6, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
153

Салтка айланып бараткан Бишкек инвестициялык форуму быйыл үчүнчү ирээт ишкерлерге эшигин ачты. Быйылкы жылы жети өлкө кошулуп эки минге жакын катышуучу келди. Бул жылдагы негизги өзгөчөлүк Орто Азия мамлекеттеринин кызматташтыгын бекемдөөгө жана аймактардагы ишкерлердин тартылганында болду.

Бишкек инвестициялык форуму быйылкы жылы эки миңге жакын ишкердин башын кошту. Басымдуу бөлүгү жергиликтүү жана Орто Азиядан келген ишкерлер түздү.

Форумдун расмий ачылышына ишкерлерден тышкары өкмөттөн вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов баштаган чиновниктер жана Жогорку Кеңеш депутаттары катышты. Форумдун уюштуруучуларынын айтымында, бул аянча Борбор Азиянын Давосуна айланат. Жыл сайын жасалган иштер ал максаттардын кадамы болуп калаарын, ЖИА Бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов айтты. Бул үчүн аталган биримдик 2017-жылга чейин иш планды толук бекиткен.

Бишкек инвестициялык форуму тууралуу сөз кылсак… Бул аянтча Борбор Азиянын Давосуна айланаарына терең ишенебиз. Биздин ассоциация иштеп чыккан 2017-жылга чейинки стратегияда Кыргызстандагы эң алдыңкы бирикме болоорун дагы көрсөткөнбүз. Ошону менен келечекте башка бирикмелерге «жашыл экономика» сыяктуу бир канча жаңы багыттарда үлгү болуп бере алабыз. Ал үчүн албетте, катарыбыз дагы жаңы ишкерлер менен толукталат. Канчалык жаңы адамдардын кошулуусу менен дагы жаңы идеялар  пайда болот.  

Ал эми вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов  инвестор тартуу боюнча активдүү иш алып барылып жатканга токтолду. Мисал катары  кечээ жакында эле премьер-министр кол койгон токтом менен тааныштырды. Анда  Кыргызстандын экономикасына алдыңкы үч жыл  3 млн долларга чейин инвестиция салган ишкерлер  10 жылга чейин туруктуу салык  режими менен иштей турганы көрсөтүлгөн.  Мындай режим салык мыйзамына он жыл ичинде  өзгөртүүлөр кирген күндө дагы  сакталат.

Өкмөттүн  29-сентябрда чыгарган токтомуна ылайык, Кыргызстандын экономикасына алдыңкы үч жыл  3 млн доллардан кем эмес  инвестиция салган ишкерлер,  10 жылга чейин туруктуу салык  режими менен иштейт. Мындай режим салык мыйзамына  он жыл ичинде  өзгөртүүлөр кирген күндө  дагы сакталаып кала берет. Инвестиция салам деген ишкерге инвестициялык визанын акысынын босого чеги 500—145 миң долларга чейин же 10млн  сомго түштү. Ошондой  эле визанын жаңы категориясы дагы киргизилди. Эми үй-бүлөлүк виза инвестордун жакындарына тоскоолдуксуз берилүүгө тийиш.

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова бүгүнкү күнү Кыргызстанда инвесторго жагымдуу шарттар толук камсыздалганына токтолду. Расмий бөлүктө сөз алган депутат, Кыргызстанда эмгек күчү, табият ресурстары арзан дейт. Бул багытта инвестиция салам деген ата мекендик жана чет элдик инвесторго Жогорку Кеңеш тараптан мыйзамдык жактан жардам берилээрин ишендирди.

Бүгүнкү күнү  Кыргызстанга инвестор эмне үчүн келиши керек? Мен айтаар элем бүгүнкү күнү бизде ата мекендик жана чет элдик инвесторлорго өндүрүштөгү акцияларды толук алууга уруксат берилген. Эмгек күчү өтө арзан. Мындан башка электр энергияга баа өтө төмөн. Ошондуктан Кыргызстанга инвестиция салууга чакырам. Мыйзамдык жагын Жогорку Кеңеш тараптан колдоп берүүгө даярбыз.

BIF-2017 нин быйылкы жылдагы негизги өзгөчөлүгү Орто Азия мамлекеттери менен тыгыз кызматташуусу белгиленген. Себеби, азыркы учурда коңшу мамлекеттер жакын жайгашканы менен алака өтө жогору эмес. Бул багытта кызматташууну арттырууда  инвестиция тартуу  үчүн мындай форумдардын орду чоң болоорун өкмөттүн алдындагы инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси  Эсенкул Момункулов  айтты.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн соода инвестициялык кызматташуусун айта турган болсок, мүмкүнчүлүктөр толук колдонулган эмес. Эки тараптуу кызматташууну жогорку иштиктүү деңгээлде көтөрүү керек. Бизге эффективдүү байланыш жана аймактык кызыкчылыктар керек.

Форум андан ары эки пленардык талкуу менен уланып, ишкерлердин пикир алмашуусу менен жыйынтыкталды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *