Шашылыш кабар:

BIF-2017: Ишкерлердин форумдан алган таасирлери

Декабрь 6, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
58

Бишкекте өткөн инвестициялык форум бизнес жаатындагы масштабдуу иш-чаралардын бири болгонун ага катышкан ишкерлер айтууда. Буга чейин эки жолу уюштурулган саамалык быйыл өзгөчө дем менен өтүп, ага жылдагыдан көп ишкер катышты. Эксперттер болсо мындай иш-чаралардын үзгүлтүккө учурабай өтүп туруусу жакшы деп жатышат. Ал эми форумдун уюштуруучулары бул багытта өкмөттүн дагы көбүрөөк колдоосун күтүшөт.

 

Быйылкы форумга Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Түркия, Германия жана Сингапурдан бизнесмендер келген. Ири инвестициялык форумду уюштурган ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров, өкмөт ушундай иш-чараларды көбүрөөк колдосо деген ою менен бөлүштү.

— Бул иш-чараны өткөрүүдө ачык иштешүүгө даяр, ийгиликтүү ишкерлерибиз бар деген максатты көрсөткүбүз келди. Чет өлкөдөн келген ишкерлерге Кыргызстандагы мүмкүнчүлүктөрдү таанытып, чогуу иштешкенге даярбыз. Бул форумду өзүбүздүн өнөктөштөрүбүз — Экономика министрлиги, эл аралык уюмдар, ассоциациялар менен биргеликте уюштурдук. Бирок, өкмөт мындан дагы көбүрөөк колдоп, катышып берсе иш-чаранын натыйжасы дагы да мыкты көрсөткүчтөргө жетишмек. 

Бишкек инвестициялык форуму буга чейин эки жолу уюштурулган. Быйыл өзгөчө дем менен өтүп, миңден ашык ишкер катышканын белгилей кетүү керек. Жеке ишкер Балбак Түлөбаев, мындай форумдардын уюштурулушу ишкерлер үчүн чоң аянтча экенин белгилейт.

— «BIF — 2017″инвестициялык форуму, сырттан келген ишкерлерге, бизге окшогон холдингдерге бир аянтчага чогулуп пикир алмашуусуна жакшы шарт түздү. Катышуучулардын саны аябай көбөйүптүр, уюштуруу жагы да мыкты болуптур. Өкмөт да ишкерлерге, ички инвесторлорго чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат. Анан, бизнес форумдардын уюштурулушу үчүн ЖИА бизнес ассоциациясына өзүнчө ыраазычылык билдирүү керек. 

«Шоро» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, ишкер Жумадил Эгембердиев, бүгүнкү форумдагы өзүнүн таасирлери менен бөлүшүп, жаш ишкерлердин көбөйгөнүнө кубанганын айтты. Анын пикиринде, ишкерлер бири-бири менен кеңешип, тажрыйба алмашуусу керек. Өзгөчө жаңыдан өсүп келе жаткан бизнес ээлерин колдоо зарыл.

-Форумдан аябай жакшы таасир алдым. Кыргызстандын келечегин алдыга жылдырам деген ишкерлердин уюму болууда. Бизден да кыйын жаштар чыгып жатат. «Инвестиция, ички-тышкы инвесторлор, өнөктөштөр» деген жаңы түшүнүктөрдү жылдан-жылга алып жатабыз. Мен жаш ишкерлер менен баарлашып, ошолордон дем-шык алдым. Мындай форумдар үзгүлтүккө учурабай өтүп турурушу керек. 

Кыргызстандагы өндүрүшчүлөр биримдигинин жетекчиси Бакыт Дегенбаев да «BIF — 2017» инвестициялык форумуна катышып, андан алган таасири жөнүндө “Марал” радиосуна айтып берди.

Абдан чоң форум болду. Бизнеске байланыштуу мындай иш-чара буга чейин болгон эмес. Форум 2 жолу уюштурулган, быйылкысы эң чоң масштабда өттү. Өндүрүшчүлөргө ушундай форумдар керек. Ушундай аянтчаларда биз өсүп, тажрыйба алып, өзүбүзгө кардар, инвестор, өнөктөш таба алабыз, жада калса дүйнөгө ачыла алабыз. Бул жерде жакшы сөздөр айтылды. Менин оюмда, ар бир өндүрүүчүгө пайдалуу иш-чара болду. 

Бишкек инвестициялык форумунда ар түрдүү тармактагы долбоорлор келип түшкөн. Анын ичинде IT технологиясы боюнча да бир топ долбоор бар. Мына ушул IT технологиясы тармагын өнүктүрүүгө салым кошуп жүргөн жеке ишкер Курман Жолдошев, бүгүнкү форумга ички инвестор катары катышты. Ал аталган тармакка багытталган долбоорлорго аз да болсо инвестиция салууну көздөп жатат.

-IT тармагы менен эле алектенбестен диверсификация жасайлы дегенбиз. Мисалы, жаңы башталган бизнес долбоорлого бираз да болсо акча салып, орток болуу максатында келдик. 

Бишкек инвестициялык форуму сыяктуу бизнеске байланыштуу ири иш-чараларды өткөрүү үчүн атайын имараттарды куруу керектигин  “Марал” радиосунун директору Руслан Акматбек “BIF 2017” форумунун жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, Борбор Азиянын “Бизнес Хабы” болом деген Кыргызстанда бизнес иш-чаралары үчүн атайын имарат салууну колго алуу зарыл.

«BIF — 2017» инвестициялык форуму Бишкектеги «Дасмия» ресторанында өткөрүштү. Бул жерде ишкерлердин бири-бири менен баарлашуусунда же болбосо бизнес долбоорлорун тартуулоодо бираз ыңгайсыздык жаралды. Ошондуктан Кыргызстанда ушундай ири бизнес иш-чараларын өткөрүү үчүн атайын имарат болушу керек экен. Эгер Кыргызстанды Борбор Азиянын “Бизнес Хабы” кылабыз десек, бизнес саамалыктарын өткөрүүгө атайын жай болушу керек. 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *