Шашылыш кабар:

BIF 2017: Суурулуп чыккан долбоорлор

Декабрь 6, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
83

Бул жылы Бишкек инвестициялык форумуна 200дөн ашык бизнес долбоор келип түшкөн.

Пресс жип чыгарууну көздөгөн ишкер

Атайын түзүлгөн эксперттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен BIF 2017 форумунун тизмесине 81 долбоор киргизилген. 6-декабрда Бишкекте өткөн бизнес форумда анын ичинен 11 долбоор ишкерлерге тааныштырылды. Мыкты деп тандалып алынган проекттердин ичинде «Моби Лайф Групп» ишканасы иштеп чыккан долбоор дагы бар. Аталган компаниянын директору Улан Саркабенов алар чөптөрдү таңгактаган пресс жиптерди чыгаруучу ишкана курууну демилгелешкенин айтып берди.

— Орто Азия боюнча пресс жип чыгарган фабрика жок. Кыргызстанга аны куруп, Европадан сапаттуу техникаларды алып келиш керек. Анткени, чөп чабуу маалында дыйкандар жиптен тартыш болбошу керек. Жиптин аз болгонуна байланыштуу дыйкандарга сапатсыз жиптер жетип, алар талаага чыкканда кыйналып жатышат.  

Маалымат боюнча пресс жиптер Кыргызстанга Орусиядан келет. Саркабенов эгер алар сунуштаган бизнес долбоор ишке ашып кетсе жиптерди Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанга дагы экспорттоого болот деп ишендирди. «Иш оңунан чыгып, инвестор табылып калса ишкана 3,5 же 6 жыл ичинде өзүн актамак», — дейт.

«Дары чөптөрүбүз арзан сатылууда»

«Ысык-Көл органик» бирикмеси дагы Бишкек инвестициялык форумунда бизнес долбоорун бет ачаарын көрсөттү.

Аталган ишкана учурда өндүрүп жаткан дары чөптөрүн өз алдынча таңгактап, сатууну көздөйт. 220 адамды иш менен камсыз кылган кооперативдин жетекчиси Сонунгүл Жылтырова долбоору тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

— Биз дары чөптөрдү өстүрөбүз. Фермерлер өстүргөн дары чөптөрдү ортомчулар 150-200 сомдон сатып алышат. Эгер аны өзүбүз таңгактап, даяр кылып чыгарсак дыйкан 900-1000 сомго чейин пайда табат. Ошондуктан жабдууларды сурап кайрылган элек. Мисалы, азыр 200 сомго сатып жаткан бир килограмм «календуланы» таңгактап туруп сатсак 900—1000 сомго чейин бааланат.  Анын 50-100 сомун кооперативге берсек дыйкан дагы, бирикме дагы өнүгөт.    

«Ысык-Көл органик» бирикмеси 2009-жылы дары чөптөрдү өндүрүп баштаган экен. Өндүрүлгөн товарлар ортомчу аркылуу Германияга экспорттолот. Жакынкы күндөрү Индия менен иштешүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгилүү болду.

«Эң маанилүүсү бизнес идея»

Бизнес форумунда инновациялык өзгөчө курулуш материалдарын өндүргөн «BiFran» ишканасынын, «Роботек» роботехника мектебинин, курут жана топоз этин өндүргөн «Noor» компаниясынын, жер жемиш жана жашылчаларды кайра иштетүүчү «Мол Түшүм» ишканасынын долбоорлору тааныштырылды.

Презентацияланган 11 долбоордун ичинде Жалал-Абад облусунан келген Шухратбек Нуркуловдун да бизнес проектиси бар. Ал дары-дармек өндүрүү үчүн өз чөнтөгүнөн 70 миң доллар сарптап, эми ишти аягына чыгаруу үчүн дагы 30 миң доллар издеп жатат.

— Мен бул тармакта 31 жыл иштегем. 15 жыл мурун дарыны өзүбүздөн чыгарсак болбойбу, эмнеге Орусиядан, Казакстандан алып келебиз деп ишти баштаган. Биздин чыкса салыштырмалуу сапаттуу дагы болмок.

Бишкек инвестициялык форумунун уюштуруучулары бул форум ишкерлер менен инвесторлордун ортосундагы көпүрө экенин айтышат. Адистер бизнести жаңыдан гана баштаган ишкерлер үчүн бул аянтча пайдалуу дешет. Алар долбоорлоруна инвестор табуу менен бирге проект жазуунун дагы жолдорун үйрөнүшөт. Integra Engineering Group компаниясынын жетекчилеринин бири Жоодар Сайдилкан инвестициялык долбоорлор боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

— Инвестициялык проекттин үч баскычы бар. Бул – долбоордун жаралышы, инкубациялык тепкичи жана анын ишке ашырылышы. Проекттин жаралышында жетекчинин жана ишти өнүктүрүү бөлүмүнүн катышуусу шарт. Бирок, бул жерде эң маанилүүсү бизнес идея.

Бишкек инвестициялык форуму ушуну менен үчүнчү ирет өтүп жатат. Биринчи BIF 2015 форумунда 10 компания 750 миң доллардан ашык суммага келишим түзсө, экинчи BIF 2016 форумунда 3 млн доллардан көп каражатка, бештен ашык келишимге кол коюлган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *