Шашылыш кабар:

BIF: Чет элдик ишкерлерди балык чарбасы кызыктырды

Декабрь 6, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
117

ЖИА Бизнес Ассоциациясы уюштурган Бишкек инвестициялык форумга Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Түркия, Германия жана Сингапурдан бизнесмендер келген. Форумдун алкагында бул мамлекеттер ортосундагы соода-инвестициялык кызматташтыктын келечеги талкууланды. Ошондой эле, жыйынга Тажикстан менен Өзбекстандын соода-өнөр жай палаталарынын өкүлдөрү катышты.


Быйылкы Бишкек инвестициялык форуму коңшу өлкөлөр менен соода-экономикалык алаканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурган.  Форум жүрүшүндө тандалып алган бизнес-долбоорлор тааныштырылды. Бул жыйынга жети мамлекеттен келген ишкерлер жана коңшу өлкөнүн соода-өнөр жай палаталарынын өкүлдөрү катышты.

Казакстандык ишкер Бекежан Дауренкулов сунушталган бизнес-долбоорлордун ичинен балык чарбасы жакканын билдирди.

Казакстанда азыр продукциянын сапаты, таза суу жана башка ишкерликке тиешелүү булактар күчүн жогото баштады. Булар салыштырмалуу Кыргызстанда өзгөчө артыкчылыктарга ээ. Форумда сунушталган бизнес-долбоорлордун ичинен балык чарбасы боюнча эле долбоор жакты. Калганы менин ишкердигиме байланышы жок экен.

Акыркы убактарда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси жанданып, соода-экономика жана башка тармактарда тыгыз кызматташа баштады. Мындан улам форумга Өзбекстандан ишкерлердин жоон тобу келди. Аларды көбүнчө айыл чарба продукциясын өндүрүү кызыктырган.

Өзбекстандык ишкер Жамхад Ураков форумдан бир долбоорго келишим түзүүгө ниеттенип турат. Ага көбүнчө социалдык багыттагы жеке бала бакчалар боюнча бизнес долбоор жакканын билдирди.

-Сунушталган бизнес-долбоорлордун баары эле реалдуу экен. Мага алардын ичинен көбүрөөк жеке бала бакчалар боюнча долбоор жагып турат. Ошондой эле,  балык чарбасы боюнча да долбоор жакты. Кыргызстан балык чарба боюнча чоң потенциалга ээ. Бул долбоор эч качан керектен чыкпайт. Анткени силерде суу ресурсу көп. Кыргыздар Өзбекстанга балыкты экспорттосо болот.

Форумга Түркиядан келген ишкер Мустафа Башкурт  туризм жана текстиль тармагында иш алып барат. Ал сырттан келген инвесторлорду Кыргызстандагы кайсы тармактар кызыктырганын айтып берди.

Бул форумга көптөгөн өлкөлөрдөн ишкерлерди жана инвесторлорду чакырыш керек. Мен өзүмдүн Германия жана Түркиядагы тааныштарымды алып келдим. Байкашымча сырттан келген ишкерлерди жер-жемиштерди кайра иштетүү, кен байлыктар менен электр энергияны иштеп чыгаруу жана туризм тармагы өзгөчө кызыктырууда.

Бул форумда Германиянын бир катар компаниялары жана ишкерлери болду. Алардын бири туристтерге кеңеш берүүчү компаниянын өкүлү Эдуард Фрайди Кыргызстан туристтерге ыңгайлуу жер экенин айтты. Анын билдиришинче, немецтердин арасында Кыргызстан деген өлкө бар экенин билбегендери бар. Эми аларга компания кыргыздардын  жерине келүүсүн сунуштамакчы.

Кыргызстанда көп нерсе арзан жана экологиялык жактан таза экен. Ошондой эле тейлөө да арзан экен. Бул туристтер үчүн эң ыңгайлуу. Азыр эл туристтерге кеңеш берүүчү компанияга ишенип, алардын берген кеңеши менен эс алууга чыгат.

Мындан тышкары, форумда маалымат алуу үчүн гана келген чет элдик ишкерлер болду.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *