Шашылыш кабар:

Жалал-Абадда студенттер экстремизмге каршы жөө жүрүшкө чыгышты

Декабрь 7, 2017 | жарыялаган Элиза Акжолтоева
33

6-декабрда Жалал-Абад шаарында 300дөй жаштар экстремизм жана терроризмге каршы жөө жүрүшкө чыгышты. Массалык акция шаар мэриясы тарабынан жарыяланган экстремизге жана терроризмге каршы күрөшүүнүн бир айлыгынын алкагында уюштурулду.

Жөө жүрүшкө шаардагы ар бир окуу жайлардан студенттер, шаар тургундары, шаар мэриясы, күч түзүмдөрү, дин уюмдары жана облустукк казыяттын өкүлдөрү да катышышты.

Иш-чаранын алкагында катышуучуларга экстремисттик көз караштарга берилип, Сирия, Ирак сыяктуу өлкөлөрдө болуп жаткан согуш аракеттерине катышкандар, аларды өз каалоосу менен кайтарып келүү мүмкүнчүлүктөрү, жаштарга туура маалыматтарды берүү менен ушул сыяктуу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу тууралуу маалыматтар айтылды.

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаевдин айтымында, 6-ноябрдан 6-декабрга чейин шаарда экстремизмге каршы күрөшүүнүн бир айлыгы жарыяланган.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *