Шашылыш кабар:

Орусия кышкы Олимп оюндарынан четтетилди

Декабрь 6, 2017 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
94
Эл аралык Олимпиада комитети Орусиянын курама командасына Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтчү кышкы Олимп оюндарына катышууга тыюу салды. Буга Орусиянын бийлиги колдоого алган допинг программасы себеп болгону айтылды.

Анткен менен комитет допинг чыкпаган «таза» спортчуларга Олимпиадада Орусиянын эмес, нейтралдуу желек менен чыгууга уруксат берди.

Мындай чечим 5-декабрда эл аралык комитеттин Лозаннада өткөн жыйынында Самуэл Шмид жана Денис Освалддын баяндамасы каралган соң чыгарылды. Освалддын комиссиясы орусиялык спортчулардын 2014-жылкы Сочи Олимпиадасындагы допинг анализдерин бурмалоону иликтеген.

Комитеттин чечимине ылайык, Орусиянын спорт комитети толугу менен дисквалификацияланды жана Орусиянын Спорт министрлигинин бир да өкүлүнө Түштүк Кореядагы оюндарга аккредитация берилбей турган болду.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *