Шашылыш кабар:

Өзбекстан туристтик визанын шарттарын жеңилдетип, баасын арзандатты

Декабрь 6, 2017 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
171

Өзбекстан туризм тармагын өнүктүрүү максатында туристтик виза алуу шарттарын жеңилдетти. Мындай мыйзамга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.

Эми Өзбекстанга келүүнү каалаган туристтер виза үчүн 40 доллардан төлөшөт. Буга чейин виза алуу 60 доллар болчу. Ошондой эле туристтик виза дароо эле бир айлык мөөнөткө берилмей болду. Анткени буга чейин 7 же 15 күндүк визалар берилип, аны узартуу да бир топ ыңгайсыздыктарды жараткан.

Азыркы тапта Өзбекстан 2018-19-жылдарга карата туризмди өнүктүрүү боюнча программа кабыл алган. Анын натыйжасында өлкө бюджетине кирешени көбөйтүү каралган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *