Шашылыш кабар:

Шадиев биринчи вице-премьер-министр болду

Декабрь 6, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
62

Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалды. Анын талапкерлигин 6-декабрда парламент жактырды.

Жыйында премьер-министр Сапар Исаков Шадиев өкмөттүн отун-энергетикалык комплекси жаатындагы маселелерди тескей турганын билдирди. Анын айтымында, талапкер аталган тармактын маселелерин жакшы билет жана тажырыйбалуу кадрлардын бири.

Конституцияга киргизилген жаӊы өзгөртүүлөргө ылайык, биринчи вице-премьер-министрликке дайындалып калса, өзүнүн депутаттык мандатын сактап калат. Анын тагылган милдетти аркалап кете аларына кепилдик бере алам. Мында парламент менен өкмөттүн өз ара байланышы да кыйла чыӊдалат. Эми ишенимди толук аткарганга аракет кылабыз.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров Шадиев өкмөттүн аталган тармагына туура дайындалып жатканын кубаттады. Жыйында депутат энергетика системасы эки структурага бөлүнүп турганын эске салып, бирок жыйынтыгын көрсөтө албай жатканын билдирди. Бул боюнча Шадиев кандай иш-аракеттерди кылаарына Бакиров кызыкты.

-Бүгүнкү күндө өлкөнүн энергетика системасы эки структурага бөлүнүп, алар энергохолдинг жана комитет болуп турат. Ушул тармактын келечегин кандай көрөсүз? Өкмөттүн отун-энергетикалык комплекси жаатындагы маселелерди тескей турган кызматка бара жатасыз. Бул тармак сизге жаңылык эмес. Азыр энергохолдинг жумушун толук көрсөтө албай жатат. Ишти алдыга жылдыруу үчүн эмне кылуу керек?

Өз кезегинде биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган Аскарбек Шадиев энергохолдингдин иштеп кетүүсүнө убакыт керек деди. Ошондой эле, ал көрсөтүлгөн кызматка талапкерлигин депутаттар колдоп бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, болгон тажрыйбасы менен иштеп берем деди.

Бар болгон билимимди, тажрыйбамды колдонуп, өкмөттө болочоктогу коллегаларым менен биргеликте иштеймин. Ошол эле мезгилде парламент депутаттары менен да байланышты үзбөймүн. Кудай буйруса өкмөт Жогорку Кеңеш менен биргеликте жумуштарды аткарабыз.

Кыргызстандын саясий тарыхында алгачкы жолу депутат биринчи вице-премьер-министр болуп, мандатын сактап калууда. Бул жакшы көрсөткүч болуп саналаарын жана  өлкөдө демократия өнүгүп жатканынын белгиси экендигин серепчилер түшүндүрөт.

Мындай практика дүйнөдө өнүккөн өлкөлөрдө колдонулушун айткан саясат талдоочу Алмаз Акматалиев бул тажрыйба өкмөт менен Жогорку Кеңештин карым-катнашын чыңдайт дейт.

Анын оюнча, депутаттын биринчи вице-премьер-министр болушу Жогорку Кеңештин туруктуулугуна алып барат.

-Бул көрүнүш саясий эксперт катары мени кубандырат. Эми жумуштар кандай аткарылат, аны да көрөлү. Шадиевдин иштеп кетүүсүнө жаңы реформалар, өзгөрүүлөр жакшы өбөлгө түзөт.

48 жаштагы Аскарбек Шадиев буга чейин Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, энергетика министри, Баткен облусунун губернатору болгон.

Баш мыйзамдын 72-беренеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалса, депутаттык мандаты жана добуш берүү укугу сакталат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *