Шашылыш кабар:

Маматбеков: Электр энергиясынын тарифин көтөрүү керек

Декабрь 5, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
580

Жалпы энергетика тутуму 20 миллиард сомго барабар. Ал эми «Электр станциялар» ААКынын базар баасы — 4 миллиард сом.  Бул тууралуу парламенттик комитеттин жыйынында Улуттук энергохолдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев билдирди. Ошондой эле, Энергохолдингдин акцияларына 100 пайыз Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылаары айтылды.

Ушул маселелерден улам, азыркы учурда электр энергиясына болгон тарифтерди көтөрүүгө убакыт келдиби? ал кандай негизде иштелип чыгат? бул суроолорго «Электр станциялар» ААКынын директорлор кеңешинин мурунку төрагасы Бекбо Маматбеков менен «Күн чекит» программасында маек курдук.

Марал: Электр энергиясына болгон тарифтер көп жылдан бери көтөрүлө элек, учурда электр энергиясына болгон тарифтер канча болуп жатат?

Бекбо Мамбетов: Электр энергиясына болгон тарифтер көйгөйлүү маселе. Анткени тарифтер эски бойдон калууда. Бул жылдык инфляцияны актабай калып жатат.  Тариф маселесин саясаттан бөлүп экономикалык негизге алып келмейинче энергетика тармагында иш оңолбойт. Муну туура түшүнүү керек.

Марал: Демек, сиздин оюңузда тарифтердин баасын көтөрүүгө убакыт келдиби?

Бекбо Мамбетов: Ооба, электр энергиясына болгон тарифтерди көтөрүүгө убакыт келди. Менимче, эчак эле аз-аздан бааны жогорулата берсе жакшы болмок. 50-60 тыйындан эмес, жок дегенде 10 тыйындан көтөрүп турса энергетиканы өстүрүүгө, реконструкция кылууга каражат жетмек. Азыр энергетиктер абдан таңкыстык менен иштеп жатышат. Бул жагдайды чечпесек энергетика тармагын отургузуп коёбуз.

Мисалы, союз убагында Токтогул ГЭСинен чыккан электр энергиясынын баасы 1 копейка болчу. Ал кезде рублдин баасы доллардан күчтүү эле. Азыркы доллардын курсу менен алганда 68 тыйын болчу. Биз өткөндө отуруп санап көрсөк, өлкөдө 1 миллиондон ашык автоунаа бар экен. Күнүнө 10 литрден бензин алса эле, бюджетке жылына 150 млрд сомду эл төлөйт экен. Ал эми энергетиканын баасын 70 тыйындан алганда жылына 14 млрд сом эле түшөт. Аны да төлөй албай жатабыз деп маселе жаратып жатышат. Бул болбогон нерсе. Төлөш керек, тарифти көтөрүш керек, антпесе болбойт.

Марал: Тарифтер кандай негизде иштелип чыгат?

Бекбо Мамбетов: Тарифтер электр станциялардан башталат. Генерация болгондон кийин электр энергиясы өндүрүлүп чыгарылат. Мисалы, Токтогул, Шамалды-Сай, Күрп-Сай, Таш-Көмүр ГЭСтеринен чыккан электр энергиясы жогорку чыңалуудагы подстанциялар аркылуу таратуучу компанияларга жеткирилет. Ал эми таратуучу компаниялар керектөөчүлөргө электр энергиясын таратат.

Марал: Электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү керек деп жатасыз, бирок калк арасында ар кандай шартта жашагандар бар. Ошол себептен тариф бирдиктүү болушу зарылбы же калктын айрым бир катмары үчүн жеңилдетилиши керекпи?

Бекбо Мамбетов: Чынында элдин баары эле бирдей жашап жаткан жок. Ошондуктан социалдык колдоого татыктууларды өзүнчө карап иштеп чыгыш керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *