Шашылыш кабар:

Өкмөт кадрларын алмаштырабы?

Декабрь 5, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
87

Жогорку Кеңештин тармактык комитети биринчи вице-премьер-министрлик кызматка сунушталып жаткан, депутат Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин жактырды. Ал арада жакынкы убакта аткаруу бийлигинде бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болуп, өкмөт курамы жаңыланат деген божомолдор айтылууда.

Тармактык комитет Шадиевди колдоду

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелери боюнча комитети 5-декабрда биринчи-вице-премьер-министр кызмат ордуна көрсөтүлүп жаткан Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин жактырды. Аны премьер-министр Сапар Исаков сунуштап, Шадиев кызматка дайындалып калса, отун-энергетикалык комплекси жаатындагы маселелерди тескей турганын билдирди.

— Аскар Алимбаевич Шадиев өзү абдан тажрыйбалуу адам. Конституция толук күчүнө киргенден баштап эми биз бул мүмкүнчүлүктү толугу менен пайдаланышыбыз керек. Менин оюмча Аскар Алимбаевич парламент менен өкмөттүн ортосунда дагы жакшы иштерди алып барат.

Өкмөт башчы депутат Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьер-министрликке Конституциянын 1-декабрдан баштап күчүнө кирген беренесинин негизинде сунушталганын айтты. Баш мыйзамдын 72-беренесине ылайык парламент депутаты премьер-министрдин же биринчи-вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалса, депутаттык мандаты жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйындарында добуш берүү укугу сакталат.

Жакын арада өкмөттө мындан башка дагы бир топ кадрдык өзгөртүүлөр болоору айтылууда. Бул тууралуу Массалык маалымат каражаттары жазып чыкты. Саясат талдоочу Медет Тулегенов аткаруу бийлигинде кадрларды алмаштыруу болоорун, бирок өкмөт орчундуу өзгөртүүлөргө барбайт деген ойдо.

 1-декабрдан тарта Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдүн күчүнө кириши бул формалдуу эле нерсе. Бул эми Сапар Исаков бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып баштайт дегенди билдирбейт. Экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликти Сооронбай Жээнбековго өткөрүп жатканда экөөнүн ортосунда кадр саясаты боюнча кандайдыр бир келишимдери болсо керек. Министрлер алмашабы же алмашпайбы 100 пайыз ишенимдүү айта албайм. Ошол эле учурда өкмөт парламент, коалициялык көпчүлүк менен акылдашып, айрым министрлерди алмаштырууга барышы мүмкүн. Бирок, олуттуу деле өзгөрүүлөрдү күтүүгө болбойт.

Министрлер кызматынан кол жууйбу?

Айрым Жалпыга маалымдоо каражаттары Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова, Айыл чарба министри Нурбек Мурашев ошондой эле Ички иштер министри Улан Исраиловдор кызматтан алынаарын жазышты. Аты аталган чиновниктер азырынча бул боюнча комментарий берише элек.

Ал эми Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары өкмөттүн кадр саясатына ичи чыкпай жатканын жарыялашты. Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин жыйынында эл өкүлү Исхак Масалиев бул тууралуу төмөнкүлөрдү айтты.

— Урматтуу премьер-министр сизге айтып кетейин деп атам. Акыркы учурларда силер тажрыйбасы жок адамдарды кызматка коюп жатасыңар. Ошону келечекте эске алсаңыз. Эгерде кайсы бир жарандын тажрыйбасы жок болсо ал кантип башкарат? Ал үйрөнгүчө дагы убакыт кетет деген коркунуч бар.

Баш мыйзамдын 1-декабрдан баштап иштеп баштаган дагы бир 87-беренесине ылайык премьер-министр жумуштан бошотууну сунуш кылган өкмөт мүчөсүн ээлеген кызматынан алуу жөнүндө президент беш жумушчу күндүн ичинде жарлык чыгарбаса, өкмөт башчысы коалициядагы фракциялардын лидерлери менен кеңешип, өз чечими менен аны кызматынан бошотууга укуктуу.

 

«Кадарларды сактоого мүмкүн болбой калганда жумуштан алынат»

Андан тышкары өкмөт башчы сунуш кылып, парламент жактырган талапкерди президент үч жумушчу күндүн ичинде кызматка дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, ал дайындалды деп эсептелет. Экс-депутат Улукбек Кочкоров Кыргызстандагы кадрдык саясатты сынга алып, атка минерлер кандай учурда кызматтан кол жууру боюнча биз менен ой бөлүштү.

-Негизи аркалаган кызматын аткара албай калган учурда же каюлган иш планды толтура албай калганда кызматтан алынышы керек. Бирок тилеке каршы биздей андай эмес. Көпчүлүк учурда эл нааразы болуп, кызматкерди бийлик кантип сактап калаарын билбей калганда жумуштан алуу чечимин кабыл алууга мажбур болушат.

Сапар Исаков баштаган министрлер кабинетин парламент ушул жылдын август айында бекитип берген. Премьер-министр кызматка киришип жатып, өкмөттө жаш кадрларга көбүрөөк басым жасалганын айткан эле.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *