Шашылыш кабар:

Казакстан менен мекемелер аралык жумуштар башталат

Декабрь 5, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
48

Кыргызстан менен Казакстандын ведомстволор аралык жумушу эки аптадан кийин башталат. Учурда иштин планы бекитилип жатат. Мында эки өлкөнүн экономика министрлери, чек ара, салык жана ветеринардык кызматтар бирдиктүү иш алып бармай болду.

Кыргызстан менен  Казакстандын кызматташтыгын жөнгө салуу боюнча кол коюлган жол картага ылайык, эки өлкөнүн ведомстволор аралык жумушу башталат. Эки апта ичинде ыкчам түрдө аткарылыш керек болгон 5 иш чараны жүзөгө ашыруу боюнча пландар бекитилет. Мындан башка дагы 16 иш чаранын планы бар. Бул тууралуу вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов журналисттерге кабарлады. Анын айтымында, качан пландар бекитилгенден кийин гана жалпы 50 иш пландын жүзөгө ашуу мөөнөтү белгилүү болот.

— Эми Кыргызстанда дагы Казакстанда дагы ведомстволук жумуштар башталат. Жол картага кол коюлгандан кийин Казакстандын экономика министрлиги, бажы, салык, чек ара  жана ветеринардык кызматтары менен бирдиктүү иш алып барабыз. Ал үчүн атайын пландар иштелип жатат. Эки жума ичинде так белгилүү болот.

Учурда Кыргызстан өзүнө тийиштүү иш планды аткаруу жолдорун карап жатат. Бирок бул жол картага ылайык, сырткы чек арага көзөмөл үч тараптуу жүргүзүлөт. Ал Кыргызстан, Казакстан жана Евразиялык комиссия тараптан болот. Тагыраагы, Кыргызстандын аймагынан Торугарт жана Эркечтам өткөрмө пункту, Казакстанда Хоргос сындуу бир канчасы бар. Бул жерлерде чек арадан өтүп жаткан ар бир  товар үч тараптуу текшерүүгө алынат. Муну экономист Кубат Рахимов Кыргызстан өзүндөгү маселелер менен күрөшүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берээрин айтат. Себеби, буга чейин Кыргызстан Кытайдан жылына 53миллион жуп бут кийин  импорттойт деген маалыматтар чыкканы бар. Андыктан көзөмөлдүү күчөтүү менен мамлекеттин казына түшкөн каражатты көбөйтүүгө болот дейт, ал.

Качан биз өзүбүздөгү маселелерди чекесинен чече баштаганда гана өлкөнүн реэкспорттогу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейте алабыз. Мыйзамдуулукка толук өтөбүз. Тилекке каршы, бүгүнкү күнү бажылык алымдарды тариздөөнүн  схемасы ачык эмес.  Эми көзөмөл күчөтүлсө аз болсо дагы, баары ачык-айкын болот. Натыйжада мамлекеттик казынага келип түшкөн акчалар толук көрсөтүлөт.

Эки өлкөлөрдүн өкмөттөрү кол койгон жол картасы ашыкча эле документ болуп калганын экономист Эркин Абдразаков  «Марал» радиосу билдирди. Өз сөзүндө бул жөн гана Казакстандын  ашыкча талабы болуп калганын белгилеп,  мындан көрө ЕАЭБ алкагында түзүлгөн чоң келишимдердин алкагында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү натыйжалуу болмок, дейт.

Эки өлкө тең ЕАЭБдин ичинде туруп, кайрадан жол картага кол коюп жатканы жөн эле жаңы эрежелерди киргизем деген нерсе. Ошондуктан кечээки жол картасынан көрө, мурунку түзүлгөн чоң келишимдердин күчү жана таасири дагы чоң болмок. Андыктан, ошонун алкагында гана оңдоп-түзөп койчу нерсе. Ал эми минтип өзүнчө кабыл алынып, кол коюлушу Казакстандын гана ашыкча талабы болуп калды.  

Дагы башка эксперттер, муну менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттер ортосунда ишеним төмөндөп баратканын айтууда.

Эскертек кетсек, Казакстан кыргыз-казак чек арасында көзөмөлдү 10-октябрдан тарта бир тараптуу күчөткөн. Расмий Астана бул кадамын Кыргызстандын бажысындагы ири аткезчилик менен байланыштырган. Бирок кыргыз тарап коюлган дооматтарды четке каккан. Мындан аз өтпөй Кыргызстанда бийлик алмашты.  Жаңы президенттин дайындалышы менен эки тарап бир пикирге келди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *