Шашылыш кабар:

Кредиттен кутулуу үчүн кызын күйөөгө бергендер бар

Декабрь 5, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
305

Бишкекте укугу бузулган кыздардын чыныгы окуясын чагылдырган акция өттү. Кризистик борборлордун ассоциациясы билдиргендей, иш-чара жашына жетпей турмушка чыгууга мажбур болгон кыздардын укугун коргоого арналган. Мындай акция өлкөнүн бардык аймактарында өтүп жатат. Ассоциациянын өкүлдөрүнүн берген маалыматына ылайык, 2014-жылы 6 миңге жакын кыз 15 жашка чейин, 160 миңдей кыз 18 жашка толбой турмушка чыккан. Анын кесепетинен кыздардын ден соолугуна, социалдык абалына терс таасирин тийгизип, алардан төрөлгөн балдар да калктын аярлуу катмарын түзүүдө.


Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2014-жылы 6 миңге жакын кыз 15 жашка чейин, ал эми 160 миңдей кыз 18 жашка жетпей турмушка чыккан. Алардын арасында экономикалык муктаждыкты камсыздоо максатында кызын турмушка бергендерден тартып, ала качуу жолу менен аргасыз келин статусун алгандар бар. Көпчүлүгүнүн ден соолугу начар болуп, алардан төрөлгөн балдардын да абалы оор болот. Кризистик борборлордун ассоциациясынын мүчөсү Гүлбарчын Жумабаевага кайрылган кыздардын арасында 9-классты аяктабай жатып бала кучактап, аягында ажырашып, жалгыз бой калган жаш энелер көп.

Кыздарын күйөөгө берип жатканда ата-энелер кыздарынын макулдугун сурабайт. Биздин жүргүзгөн изилдөөгө кредитинен кутулуу үчүн кызын турмушка берген ата-энелерди кезиктиргенбиз. Мындай үй-бүлөлөр көпкө жашабайт. Натыйжада балдар да социалдык жетим бойдон калууда.

  

Мындай акция өлкө аймагы боюнча кыздардын укугун коргоо максатында өтүп жатат. Анткени укук коргоочулардын айтымында эрте турмуш куруунун кесепети жаш эне менен катар баланы да социалдык жетим кылууда. Себеби мындай эрте жана каалоосуз курулган үй-бүлө көпкө жашабайт. Ошондой эле эрте турмуш куруунун кесепети энелердин өлүм көрсөткүчүн да көбөйтүп келет. Бул туурасында Кризистик борборлордун ассоциациясынын аткаруучу директору Толкун Тилекова буларга токтолду.

-Саламаттыкты сактоо министрлиги жүргүзгөн изилдөөдө энелердин өлүм көрсөткүчүнүн көп бөлүгүн мына ошол эрте турмушка чыккан кыздар түзөт. Анткени булар али эне болгонго даяр эмес. Алар өздөрү бала. Бирок, тилекке каршы ата-энелердин, коомчулуктун кайдыгер мамилесинен улам өзү бала болгон жаш кыздар бала кучактап отурууга аргасыз болушууда. Бул учурда кыз кыз физикалык да, психологиялык жактан да даяр эмес.

Эске салсак, өткөн жылы ноябрь айында жашы жетелектерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирген. Ага ылайык, жашы жете электерге диний жөрөлгө менен нике кыюуга жол берген тараптар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Бул үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылыш мүмкүн. Бирок мыйзамда так, даана айтылып тургандыгына карбай, бүгүнкү күнгө чейин зордоо же ала качуу жолу менен эрте турмушка чыккандардын саны тыйыла элек. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин гендердик маселелер боюнча бөлүм башчысы Роза Бекматова белгилегендей, ал үчүн ата-энелерге түшүндүрүү керек.

Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып министрлик тарабынан маалыматтык компаниялар жүрүп жатат. Бирок ага карабай дагы деле жашыруун нике кыйдыргандар бар. Анын кесепетинен кыздар көп кызматтардан укугу жок болууда. Социалдык кызматтарды көрө албайт. Балдары да мамлекеттик камкордукка алынбай калат.

Жогоруда баяндалгандай окуяларга көпчүлүк учурда социалдык камкордукка муктаж үй-бүлөлөрдүн кыздары туш болот. Эксперттердин айтымында соңку жылдарда мындай кырдаалга ата-энесинен алыс жашаган мигранттардын балдары көп кабылууда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *