Шашылыш кабар:

Орто-Алыш суу топтомосунда скважинаны бургулоо иштери башталды

Декабрь 5, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
54

Бишкек шаарын суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо долбоорунун II фазасынын негизинде Орто-Алыш суу топтомосунда скважинаны бургулоо иштери башталды.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов билдиргендей, жалпы 35 скважина бургуланып, борбор калаанын түштүк чөлкөмүнө чейин магистралдык суу өткөрмө түтүктөрү курулат. Ошондой эле, ичүүчү жана агынды суулардын сапатын аныктоо үчүн химия-бактериологиялык лаборатория салынып, керектүү жабдыктар менен камсыздалат. Ал үчүн Швейцария Конфедерациясы гранттык негизде 8 млн евро бөлгөн. Ал эми жалпы инвестициянын көлөмү 16 млн еврону түзөт.

Бургулоо иштерин баштоо аземине катышкан мэр Албек Ибраимов аткарылып жаткан жумуштар калааны өнүктүрүүгө салым боорун белгиледи.

-Азыр жасалып жаткан иштер шаарда көп кабаттуу үйлөргө суу жеткирүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет.  2 млн 90 миң еврого 35 скважина курулат. Сууну текшерген лаборатория салынат. Орто-Алыш суу топтомосунан шаардын түштүгүнө чейин 1200 миллиметрлик суу өткөрмө түтүктөрү жана шаардын чети менен 17 километрлик канализация курулат. Баш-аягы 16 млн евро каралган. Анын 8 миллиону насыя. 

Долбоордо каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу менен элге берилчү ичүүчү суунун көлөмү көбөйөт. Канализациясы жок турак жай конуштарын жана жеке секторлорду суу бөлүштүрүүнүн борбордук системасына кошууга мүмкүнчүлүк жаралат. Ошондой эле, ичүүчү суу менен агынды суулардын сапатына анализ жүргүзүүгө шарт түзүлөт. “Бишкексууканал” башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мураин Сейдалиев билдиргендей, эми жай мезгилинде суунун тартыштыгы толугу менен жоюлат.

Эл жайкысын сууну сугат иштерине колдонуп коюшат. Мындан улам ичүүчү суу жетпей калат. Ушул маселени чечиш үчүн скважинаны бургулоо иштерин аткарып жатабыз. Иштер бүтсө, суунун көлөмү 50%га чейин көбөйөт. Бишкек шаарынын түштүк аймагынан темир жолго чейинки аралыкта жашагандарга иче турган суу берип турабыз. 

Бул долбоорду Кытайлык “Тяньди” геологиялык компаниясы ишке ашырат. Келишим боюнча бургулоо иштерин бүтүрүүгө 17 ай каралган. Бирок, аталган компаниянын башкы директору Жийинг Тао компания мындай геологиялык жумуштарды аткарууда бир топ тажрыйбага ээ экенин, андыктан, курулуш иштерин 2018-жылдын ноябрь айында бүтүрүүнү пландалып жатышканын билдирди.

-Мөөнөтүнөн мурда бүтүргөнү аракет кылабыз. Кытайда көптөгөн ири долбоорлорду ишке ашырдык. Бул жаатта тажрыйбабыз көп. Мындай шартта иштеген жумушчулар ай сайын 6-7 миң юань айлык акы алышат. Кыргыз сому менен эсептесек, 65-70 миң сом болуп калат. Кыргызстан кытай эли үчүн жакын кошуна. Достук мамилебиз түбөлүккө уланат деп ишенем.

Эскерте кетсек, аталган долбоодун I фазасында 12 жарым чакырым суу түтүктөрү алмаштырылган. 16 скважина бургаланып, башка жумуштар аткарылган. Ага 8 млн евро каралып, иштер 2015-жылы жыйынтыкталган эле.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *