Шашылыш кабар:

Электрондук кызматты үч миңден ашык киши колдонду

Декабрь 5, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
88

«Таза коом» улуттук долбоорунун алкагындагы электрондук кызматтар мамлекеттик порталынын кызматын үч миңден ашуун жаран колдонду. Аталган порталдан жарандар үйдө отуруп эле паспорт алып, же керектүү маалымкатка буйрутма берип, жада калса никеге турууга арыз жазууга да мүмкүн. Анын ишки кришкенине эки айга чукулдап калды.


Бишкек шаарынын тургуну Гүлжан Айткулова электрондук портал аркылуу небересине туулгандыгы тууралуу күбөлүк алган. Интернет аркылуу документ жумуштарын бүтүрүү бат экенин айткан Айткулова, пенсияга чыгуу да портал аркылуу жүргүзүлсө, убакыт үнөмдөлөт дейт.

-Мага жакты, убакыттыңды көп деле албайт экен. Эми пенсияга чыгуу да электрондук портал аркылуу жүргүзүлүп калса, жашы өтүп бараткандарга бир топ эле жардам болот. Алар пенсияга чыгуу үчүн 12 документти толтуруу үчүн он эки жерге барыш керек.

Бүгүнкү күндө «Таза коом» улуттук долбоорунун алкагындагы электрондук кызматтар мамлекеттик порталынын кызматын үч миңден ашуун жаран колдонду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» ишканасынын директору Талант Абдуллаев билдирди.

Анын айтымында, порталда жалпысынан кызматтардын саны 18ге жетти. Учурда электрондук кызматтарды жайылтуунун үстүндө дагы да иш-аракеттер болуп жатат.

Учурда мамлекеттик кызматтарга тиешелүү кызматтар электрондук портал аркылуу жарандарга көрсөтүлүп жатат. Көбүнчө жарандар күбөлүк, жашаган дареги боюнча каттоого туруу боюнча жана жалпы жарандык паспорт алуу боюнча кайрылууда. Азыр күндөн күнгө мамлекеттик кызматтар порталга кошулууда.

Кыргыз өкмөтү «Таза коом» программасынын алкагында түзүлгөн Мамлекеттик электрондук кызматтар порталын ишке киргизгенине эки айга чукулдап калды. Анда никени каттоого арыз берүү, жашаган дареги боюнча каттоого туруу, дарек кагазын алуу, жоголгон документтерди текшерүү жөнүндө маалымат алуу, паспортту даярдоо үчүн арыз-анкета тапшыруу, кыймылсыз мүлккө жана кыймылдуу мүлккө ээ экендигин аныктаган мамлекеттик реестринен көчүрмө алуу, айдоочулук күбөлүк алууга мүмкүн болот. Ошондой эле паспортторду үйдөн чыкпастан дистанциялык түрдө алууга шарт түзүлөт.

Өкмөт башчы Сапар Исаков элге мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн электрондук жолун ишке ашырууну замандын талабы деп билдирген.

Азыркы заманда өкмөт өзүнүн ишинде жаңы технологияларды колдонбосо мамлекеттин өнүгүүсү артта калары анык. «Таза коом» биздин жарандардын турмушун жеңилдетүү үчүн кызмат кылат. Биз коррупциялык тобокелдиктерди алдын ала жоюп, мамлекеттик органдын өкүлү менен жарандын же бизнес өкүлүнүн байланышын электрондук форматка өткөрүшүбүз керек.

Электрондук порталдын кызматтарын толук колдонуу үчүн биометрикалык паспорт, андагы микрочипти окуп, базага киргизе турган карт-ридер жана электрондук төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн электрондук капчык же банктын картасы болушу керек. Учурда карт-ридердин баасы бир доллардан төрт долларга чейин турат.

Экономист Искендер Шаршеев  учурда порталдын кызматтын колдонуунун башталышы болуп жаткандыктан,  акырындан жайылат дейт. Эң негизгиси интернет маселесин чечүү зарылдыгын кошумчалады.

-Кызматтын башталышы жаман эмес. Негизи практика жүзүндө Кыргызстан биринчи жолу ишке ашырып жаткандыктан, колдонуучулардын саны да аз болот. Акырындан эл пайдалана баштайт. Азыр дүйнөдө баардык кызматтарды интернет аркылуу эле үйдөн бүтүрүп калбадыбы. Биздин жарандар да ошого акырындан өтө баштайт.

Portal.tazakoom.kg деген мамлекеттик электрондук портал төрт багытта кызмат көрсөтөт. Алар ЗАГСтан никеге турууга арыз берүү же күбөлүк, паспорттук кызматтан паспорт, кыймылсыз же кыймылдуу мүлккө ээ экендигин аныктаган мамлекеттик реестринен көчүрмө жана мамлекеттик каттоо кызматынан маалымдамаларды алуу.

Сапар Исаков башында турган өкмөт алдыдагы беш жылда өзү сунуштаган «Жаңы доорго кырк кадам» программасы, «Таза коом» долбоору аркылуу өлкөнү өнүктүрөрүн убада кылып жатат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *