Шашылыш кабар:

Кайсы министрлер кызматтан кетет?

Декабрь 5th, 2017 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Кайсы министрлер кызматтан кетет?
Гезит бетинде
0

Бүгүн, 5-декабрда «Фабула», «Кыргыз Туусу» жана «Мантыш» гезиттери жарык көрдү. Мезгилдүү басылмалар кызматтан кетчү министрлер, электр энергияга болгон тариф саясаты жана кыргыз саясатындагы кудалар тууралуу жазып чыгышты.

«Фабула» гезити бүгүн «терроризмди жайылтууга» айыпталып 7 жылга эркинен ажыратылган Нурлан Мотуев №27 түзөтүү колониясына которулганын, мамлекеттик жападан жалгыз «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясын кимдер курутуп жатат?» деген жана оң рулдуу унааларга тыюу салынаары боюнча бир катар мкалаларды басып чыгарды.

Гезит жакынкы жумаларда бир катар министрлер кызматтан кетээри боюнча дагы жазып чыкты. Анда айтылгандай бийликте бир топ кадрдык алмашуулар болуп, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова, Айыл чарба министри Нурбек Мурашев ошондой эле Ички иштер министри Улан Исраилов кызматтан алынаары жазылган.

Ушул эле гезитте Нарында үч алтын кени сатылганы кабарланды. Автор Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетине шилтеме берип, үч кен 1 млн 800 миң долларга сатылганын жазып чыкты. Аукцион өткөрүлүп, анын натыйжасында Кичи Нарын тилкеси боюнча алтын кендин лицензиясын 53 миң долларга «Эгиз Суу» ишканасы утуп алган. Ал эми «Биринчи» деп аталган кенди иштетүү укугун алган «Тусан мининг» компаниясы кенди 1 млн 780 миң долларга сатып алган. Дагы бир «Улан» аталышындагы кен жайгашкан жерди иштетүү «Базис Голд» фирмасына тийип, ал 31 миң АКШ долларынан ашык каражатты берүүгө даяр экенин билдирген.

«Кыргыз Туусу» гезитин барактасак. Аталган басылма бул жолу «Германиядан «тез жардам» келди» деген тема менен 1 млн 180 миң еврого Германиядан 15 «тез жардам» автоунаалары алынып келингенин жазды. Анда айтылгандай унаалар заманбап жабдуулар менен жабдылган экен. Бул жардам 2008-жылдан берки иштин жыйынтыгы болуп, унаалар Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы «Ыкчам медициналык жардамдын улуттук системасы жана Кыргызстанда ыкчам медициналык тез жардам кызматын бекемдөө» долбоорунун алкагында ишке ашкан.

Андан ары гезит электр энергиясына болгон тариф саясаты тууралуу чакан кабарды жазды. Гезит Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигине шилтеме берип, жарыкка карата жаңы тариф саясаты иштелип жатканын кабарлады. Анда айтылгандай тариф маселеси кыш мезгили бүткөнчө көтөрүлбөйт, бирок келерки жылы аны кароо планда бар.

Ал эми «Мантыш» басылмасы бул жолку санында кыргыз саясатындагы кудалар тууралуу жазды. Макаланын автору Нуржан Айтмырзаева даярдаган материалда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Алымбай Султанов Кудай кошкон кудалар экени айтылат. Маселен Атамбаевдин улуу кызы Султановдун Семетей аттуу баласына турмушка чыккан. Семетей Султанов учурда Футбол федерациясын жетектейт.

Президент Сооронбай Жээнбеков болсо депутат Алиярбек Абжалиев менен куда. Абжалиевдин уулу Атабек өлкө башчысынын интернетте кызуу талкууга алынган кызы Бактыгүл Шарипованы алган. Андан ары айтсак Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен КСДП партиясы менен мурдагы чакырылышта депутат болуп келген Замирбек Алимбековдор куда болуп чыгат. Кыргыз саясатындагы кудалардын катарын мурдагы Башкы прокурор Азимбек Бекназаров менен депутат Мыктыбек Абдылдаев толуктайт. Бекназаровдун Эрнис аттуу уулу Абдылдаевдин кызын жубайлыкка алган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache