Шашылыш кабар:

Жаш хоккейчилер АКШда жеңишке жетишти

Декабрь 5, 2017 | жарыялаган Түмөнбай Абдинаби уулу
58

Кыргызстандын жаш хоккейчилери АКШнын Чикаго шаарында өткөн «Barrington Ice Arena 2017» мелдешинде жеңишке жетишти.
Өткөн мелдештин финалдык турунда кыргызстандык хоккейчилер «Ice Dogs» командасы менен беттешти. Буллиттер сериясында Кыргыз жаштары мыкты болуп, мелдештин женүүчүлөрү болду.
Кошумчалай кетсек, жаш хоккейчилер Чикаго шаарынын курамын 9:3 эсебинде жеңип алышкан. Ал эми Чикагонун «Ice Dogs» клубуна 7:11 эсебинде утулуп калышкан болчу.
Мелдеш 2008-жылы төрөлгөн өспүрүмдөр арасында өтүп, ага АКШ, Орусия, Канада өлкөлөрүнөн келген командалар да катышкан.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *